Калий цианиди

Википедия дан

Калий цианиди, КСN, балкып эрүү t 634,4°С; сууда эригичтүүлүгү (100 г сууда) 41,7 % (25°С), нымды жакшы тартат. Суудагы эритмеси щелочтук чөйрөнү берет жана кайнатканда NН3 жана НСООК пайда кылат. Бардык оор металлдар КСN менен комплекстерди пайда кылат. Алар туруктуу келет, сууда жакшы эрийт. Ошондуктан СN-ионунун бул касиети алтынды жана күмүштү жана башка кендерден бөлүп алууда чон мааниге ээ. СаСN2 менен К2СО3 көмүрдү кошуп ысытуудан; NН3, балкып эриген К2СО3 жана көмүр менен аракеттенишинен; НСN щелочтор менен болгон нейтралдашуу реакциясынан алынат. Алтынды, күмүштү кендерден бөлүүдө, нитрилдерди өндүрүүдө колдонулат. Эн уулуу зат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]