Калила жана Димна

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

“Калила жана Димна” – жалпыны жакшылыкка үндөгөн тамсилдер жыйнагы катары таанылган чыгарма. Бул чыгарма перс жазуучусу Ибн-аль-Мукаффанын курч калеминен бүтүндөй Ыраакы Чыгыш адабиятына, ошондой эле Европага да тараган. Анын аталышы анын каарманы эки чөөнүн атынан улам келип чыккан. Ал – түп нускасы ушул күнгө келип жетпеген, убакыт өткөн сайын кээ бир өзгөртүүлөргө дуушар болгон Индия тамсил жыйнагы “Панчатантра” аттуу чыгарманын котормосу.

Панчатантра[оңдоо | булагын оңдоо]

“Панчатантра” (Беш бөлүм, Беш китеп) алгач Барзавайх (Бурзое) аттуу Иран падышасы Ануширвандын сарай дарыгери тарабынан пехлеви (эски иран тили) тилине которулган. VIII кылымдын орто ченинде ошол жазмадан арап тилине которулуп, эл арасына абдан кеңири таралган. Ошону менен бирге бир топ Чыгыш тилдерине, X кылымдан баштап бир катар Европа тилдерине которулат. Бир гана ушуну менен гана чектелбестен андагы кээ бир окуялар, мисалдар диний китептерге камтылып, Европа фольклоруна, Бокаччо Жана Ариосто сыяктуу Батыштын улуу инсандарына таасирин тийгизген. Ошондой эле башка аталыштар жана өзгөртүүлөр менен да таралган. Мындан сырткары түрк тилине (фарс тилинен) XVI кылымда, өзбек жана татар тилине XIX кылымда, орусчага XVII кылымда которулган. Дүйнөлүк адабиятта ушунчалык белгилүү болуп, жалпыга маалым болгон чыгарма азыркыга чейин кыргыз тилине которула элек.

Чыгарманын изилдениш тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

“Калила жана Димна” тарыхта эң көп окулган, которулган жана башка адабияттарда көп колдонулган алдыңкы чыгармалардын арасында. Негизги темасы адеп-ахлак жана саясат. Өзгөчө падышалар менен ак сөөк катмардын ортосундагы мамилелер, маектер, көпчүлүктүн алдындагы кадыр-барк, ага татыктуу болуунун негизги тепкичтери жана негиздери, ошондой эле калктын бийлик менен болгон байланышы, саясаттагы ар кандай көрүнүштөр, ишбилгилик, кыянат, тузак жана азгырыктар сыяктуу маселелер камтылган. Чыгарманын негизи индустарга таандык “Панчатантра” аттуу эмгекке барып такалат. Ошондуктан “Калила жана Димнадан” кеп козгоордон мурда чыгарманын түпкү булагына көңүл бөлө кетели. Бул китеп тууралуу Сильвестр де Саси, Генри Зотенберг, Иоганн Хертель, Теодор Бенфи, Теодор Нёльдеке, Карл Броккельман, Кэйт Фальконер, Уиллиам Райт, Мардини, Людвиг Косгартен сыяктуу Чыгыш таануучулар изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Чыгыш дүйнөсүнөн Махмуд Таймур, Абдулла Махмуд Исмаил, Мухаммед Сабри, Таха Хусаин, Абдулвахаб Аззам, Мухаммед Күрд Али сыяктуулар да алардан кем калышкан эмес. Чыгарма б.з.ч. III—IV кылымдарда эле пайда болуп, фольклордук жактан андан да мурунку булактарга таянат. “Панчатантранын” сакталып калган эң алгачкы санскрит тилиндеги жазмасы болсо XI кылымга таандык. Эмгектин түзүүчүсү, жаралыш тарыхы азыркыга чейин толук чечиле элек табышмак бойдон калууда. Ошондуктан, салттуу түрдө чыгарманын жаралышын Байдаба аттуу акылманга таяп жүрүшөт. Буга ылайык Индия падышасы Дабшалимдин өтүнүчү менен Байдаба тарабынан ушул үлгү-насаат баяндары топтолгон китеп түзүлгөн. “Панчатантра” кыска ырлар, ошондой эле ич ара кыска баяндамаларды камтыган беш негизги бөлүмдөн турат. Каармандар адам баласынын табиятын, коомун символикалуу түрдө чагылдырган жаныбарлардан тандалып алынган. Окуялар Каратака жана Даманака деген эки чөө тарабынан баяндалат. Беш бөлүм ушундайча аталыштарга ээ: • «Достуктун жоголушу» (22 окуя) • «Достошуу» (7 окуя) • «Карга менен Үкулөрдүн салгылашы жөнүндө баян» (17 окуя) • «Жетишкендиктерден кол жуу» (12 окуя) • «Кайдыгерлик мамиле» (15 окуя) «Панчатантра» элди башкарган кыйын чыкмаларга багытталып, насаат, жакшылыкка чакыруу талкууларынан турат. Кээ бир маалыматтарга таянсак, Македондук Искендер өз жерине кеткенден кийин бийликке келген Дабшалим элди аёосуз эзип, көрбөгөн көргүлүктү көрсөттү. Буга бери жакта бели кайышып ары жакта жүрөгү кайышкан акылман Байдаба кылдай болсо да катасынын чекесин жеткирейин деп китеп жазат. Падышага катуу тийбесин, буга каары келип кыжыры кайнап кол алдындагы калкты дагы да эзбесин үчүн каармандарын жалаң жаныбарлардан тандады. Т. Бенфиге таандык чыгарманын санскрит тилинен оодарган котормосунун кириш сөзүндө, Европа жана ошондой эле бүтүндөй дүйнө адабиятындагы жаныбарлардын каарман катарында берилиши Индиядан өткөн деп айтылат. Эң алгачкы кененирээк изилдөө Гертел тарабынан жасалган. Чыгарманын эң эски топтому алгач киришүү бөлүгүнөн туруп беш бөлүмдөн түзүлгөн. Барзавайх чыгарманы толук которуп, ага кээ бир Индия жомокторун да кошумчалаган. Кошумчалардын алгачкы үч бөлүмү кийинчерээк “Махабхаратадан” алынганы аныкталган . Андан кийинки эки бөлүмү Панчатантранын жаңы топтому Хитопадеса аттуу чыгармада да болгон. Мындай аныктамалар топтомдун Калила Жана Димна катары түзүлүшүнө чейин бир канча электен өтүп, кошумча өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун көрсөтүп турат.

Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

Окуялардын фольклордук табияты, жөнөкөй жана кызыктуу мазмуну бул чыгарманын дүйнө жүзүнө бат таралышына өбөлгө түзгөн. Эң биринчи котормо пехлеви тилине 570-жылдардын тегерегинде Ирандагы Сасаниддердин падышасынын буйругу менен ишке ашкан деп белгиленет. Бирок бул котормонун түп нускасы азыркы күнгө жеткен эмес. VIII кылымдын орто ченинде фарс жазуучусу Ибн аль-Мукаффа тарабынан арапчага которулган. Чыгарма “Калила жана Димна” деген аталышта бүткүл Ыраакы Чыгышка жайылган. Византия жана славян жергелеринде Симеон Сифтин(1081) котормосу менен белгилүү болгон. Чөөлөр Стефанит жана Ихнилат деген ат менен эскерилген. XIII кылымда кимге таандык экени белгисиз испанча котормо, андан соң Иоэль аттуу кечилге таандык иврит тилиндеги котормосу, Иоанн Капунскийдин кийинчерээк немис, испан жана италян котормолоруна негиз болгон латын котрмосу жарык көргөн. Баардыгы болуп бул чыгарманын 200дөн ашык 60 тилдеги котормосу бар. Ошондой эле, XIX кылымдан баштап оозеки түрдө Кытай, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жеткени да белгиленет.

  • Тибетче котормо

Эң эски котормолордун бири. Бул эмгек изилдөөчүлөрдүн колуна толугу менен тийген. Антон Шефнер Калила жана Димна менен абдан окшоштугун баса белгилеген.

  • Пехлеви (эски Иран) тилиндеги котормо

Иран падышасы Ануширвандын (531-579) буйругу менен Барзавайх аттуу ордо дарыгеринин которгон эмгеги. Чыгармага кошумча кээ бир окуяларды киргизген. Калила жана Димна деген эмгектин дүйнө жүзүнө таралышына эң биринчи орунда ушул эмгек өбөлгө түзгөн. Чыгарма алгач арамей (Сирия) жана арап тилине которулуп башка тилдерге тараган.

  • Арамей тилиндеги котормо

Бул котормонун түп нускасы биздин күнгө жеткен эмес. Бирок бул котормонун 570-жылдары Буд аттуу киши тарабынан жазылгандыгы жөнүндө маалыматтар табылган. бул маалыматтар боюнча китеп “Калилаг жана Дамнаг” деген атка ээ болчу.

  • Арапча котормо

Арамей котормосунан болжолдуу түрдө 3 кылымдан кийин пехлеви тилинен арапчага Абдулла Ибн аль-Мукаффа тарабынан которулган. Бул котормо арап дүйнөсүнө тез убакыттын ичинде таралып, ага таасирин тийгизген. Ибн аль-Мукаффа негизги ойдон четтеп кетпестен кээ бир жерин кыскартып, кээ бир жерине кошумчалаган. Китеп эл арасында, ошондой эле ак сөөк катмарда да оозго алынган.

  • Арамей тилине экинчи жолу которулушу

Белгисиз чиркөө кызматкери тарабынан болжол менен X-XI кылымдарда Ибн аль-Мукаффанын эмгегинин негизинде которулат. Христиан дининин негиздери боюнча жазылат. Негизги нускадан кененирээк. Бул эмгекти биринчилерден болуп Уиллиам Райт чечмелеген. Англис тилине Кэйт Фальконер которгон.

  • Фарси тилине бир канча жолу которулушу

Фирдоусинин “Шахнамесиндеги” маалыматтарга таянсак, Ибн аль-Мукаффанын “Калила жана Димнасы” Саманид өкүмдары Наср бин Ахмеддин (914-943) заманында увазири Баламинин буйругу менен фарсчага которулган.бирок котормо толук бүтпөй калган. Ошол эле Наср бин Ахмеддин буйругу боюнча белгилүү акын Рудаки (916) тарабынан кайра жазылып чыкты. Кийинчерээк болжол менен 1140-жылы Низамиддин Абул-Маали Насрулла бин Мухаммед тарабынан Ибн аль-Мукаффанын эмгегинин негизинде которулуп, Газневи султаны Бахрамшахка тартууланды. Мындан кийинки жылдарда да эмгектин фарсчага котормолору тыным алган эмес.

  • Грек тилине которулушу

XI кылымдын аяк ченинде Симеон Сифтин грек тилиндеги котормосу “Стефанит жана Ихнилат” деген аталышта жарык көрөт. Бул эмгек кийинчерээк латын, герман жана славян тилдерине которулушуна башат болуп берген.

  • Иврит тилине которулушу, андан Европа тилдерине оодарылган эски котормолор

XII кылымдын баш ченинде Ибн аль-Мукаффанын котормосу негизинде жөөт дин кызматкери Рабби Юилл тарабынан иврит тилине которулган. Иоганн дэ Капуа бул чыгарманы 1263-1278-жылдар аралыгында латын тилине (Directorium vitae Humanae) которот. Батыш Европа тилдерине оодарылган котормолордун көпчүлүгү ушул котормонун негизинде жарык көргөн. Бул китеп 1480- жылы герман, 1493-жылы испан, 1552-жылы италян тилине которулган. Герман котормосунун негизинде 1618-жылы дат тилине, 1623-жылы голланд тилине оодарылган. 1552-жылы жарык көргөн италян котормосунун негизинде 1623-жылы Томас Норт тарабынан англис тилине оодарылган. Бул китеп 1556-жылы француз тилине которулган.

  • Англис жана орус тилиндеги кийинки котормолор

1819-жылы Оксворддо англис тилиндеги котормо арап тилиндеги эмгектин негизинде басылып чыккан. 1889-жылы Москвада арапчадан орусчага Михаил Атая тарабынан которулуп, жарык көргөн. Кээ бир тилдерде ыр түрүндөгү котормолору да кездешет. Ошондой эле бул чыгарма түрк, өзбек, татар, монгол тилдерине да которулган.

Аль-Мукаффа: “Калила жана Димнанын” арап дүйнөсүнө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлчөмдүү тамсил жыйнак пехлеви жана арамей тилинде Сасанид империясынын карамагына кирген азыркы Иран жана Сирия айматарында өтө белгилүү болгон. Мындай көрүнүш VII кылымдан кийин ошол эле аймакта мусулман-арап маданиятынын оңой жайылышына өбөлгө түзгөн. VII кылымдын аяк ченинде аталган аймакта византия таасири солгундап, арап маданиятына жакын өскөн эски ак сөөк катмар бийликке келет. Ибн аль-Мукаффанын аталары да ушундай барктуу мамлекеттик кызматкерлерден болгон. Сасаниддердин доорунда алар башкаруучулардын катчысы катары кызмат өтөшкөн. Атасы Дадое Иракта салык иштерин караган. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген күнөөгө кабылып, жазалардын айынан бир колу шал болуп калган. Ошондуктан ал “аль-Мукаффа – колу шал” деген лакап менен таанылып, Рузбих болсо “колу шалдын уулу” деген ысым менен атыгып калган. Рузбих 723-724-жылы Гур шаарында туулуп, балалык чагы Басрада өткөн. Ал кезде Басрага ар түрдүү маданияттар агылып турган. Рузбих атасынын жардамы менен белгилүү билим ээлеринен сабак алып, билимге ээ болгон. 18 жашка келгенде Шапур шаарына көчүп барып, шаар башчысы аль-Масихтин катчысы болуп дайындалат. Өмүрүнүн аягына чейин бир канча акимдин катчысы кызматын аткарган. Исламды кабыл алганынан көп өтпөй Басранын акими тарабынан 760-жылы өлтүрүлгөн. Азыркы күндө анын эмгектеринен бир канчасы эле сакталып калган. Алардын арасында диний усул китептери, тарых китептери бар. Ошондой эле ал мыкты котормочу болгон. Анын котормолорунун арасынан эң мыктысы, албетте, “Калила жана Димна”. Ал жашап өткөн жылдар өтө эле тынчсыз жана башаламан болгон. Халифалардын бат-бат алмашышы, алардын арасындагы тирешүү жана атаандашуулар, бийликтин ар кайсы катмарындагы оюндар... Ибн аль-Мукаффа буларга күбө болуп турган. Мындай жагдайга тез арада кандайдыр бир дары табуу керек эле. Элдин, жалпы эле адамзаттын ой-түшүнүгүн, жүрүм-турумун, көз карашын туура нукка буруу керек эле. Ошондуктан ал дагы кылымдарды карытып келаткан, маңызы терең ушул чыгарманы арап тилине которгон. “Калила жана Димна” арап көркөм адабиятындагы алгачкы көлөмдүү кара сөз түрүндөгү чыгарма болуп эсептелет.

Кыскача мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]

Бир кездерде Индостанда Дабшалим аттуу падыша жашаптыр. Эл үчүн, жер үчүн деп кара жанын карч уруп өлкөсү үчүн кам көрчү. Ошондуктан анын мамлекети аябагандай өнүгүп-өскөн эле. Эл да бакубатка балкып, жаркын жашоонун ырахатына чөмүлүп жашап турган кези. Падыша калк үчүн күйүнгөнү менен жыргалчылыкка алдырып жиберчү эле. Той-топурду жактырчу. Күндөрдүн биринде атайын дасторкон жайдырып элди жыйнап той өткөрдү. Той тараганда жанына аксакалдарды, увазирлерди чакырып кеңеш сурады. Колу ачык болуунун пайдасы жөнүндө кеп уланып, акылмандар падышага колу ачыктын багы ачык болорун белгилешти. Падышага мындай кеңеш майдай жагып, казынадагы байлыгын элге таратып берди. Кедей-кембагалдар байып, колунда барлар мурдагыдан да жакшы турмушта жашап калышты. Мамлекетте кедей деген калбай калды. Ошондой күндөрдүн биринде падыша Дабшалим түш көрдү. Түшүндө жүзү нурдуу карыя келип, ага: - Эй, улуу падыша! Казынаңды, байлыгыңды элге таратып бергениң үчүн сага кудай ыраазы болду. Ал сага белегин даярдап койду. Таң эрте туруп чыгышты көздөй жол тарт. Ал жактан чоң казынаны табасың. Мына ошол кудайдын сага берген чоң белеги. Падыша эртеси таң атаарда жолго чыкты. Чыгышты көздөй бир канча күн сапар тартты. Ошентип акыры бийик тоонун бооруна келип такалды. Тоонун боорунда ичине бир да жан даап кире албаган, капкараңгы үңкүр турган эле. Кире беришинде жүзү жарык, сакалдарын ак баскан карыя отурган экен. Дабшалим анын жанына барды. Барып салам айтып, ал-акыбалын сураган соң маектеше кетишти. Акылман карыя ага биртоп насаат кебин айтып, ой каймагын бөлүштү. Падыша казынаны эстен чыгарып койгон эчак эле. Карыя ушул жердеги өтө чоң казына бар экендиги жөнүндө кеп салганда гана эстеди. Падыша ордодон кызматкерлерин чакыртып, тоону омкорто казынаны издетти. Кызматкерлери бир канча күндөн кийин ал казынаны табышты. Ошол табылгалардын ичинен алтын сандыкка бекитилген баракчаны таап алышып падышага көргөзүштү. Баракчада 14 кеңеш түрүндөгү жазуулар бар эле. Ошондо падыша акылман Байдабаны ордосуна чакыртып, ошол 14 кеңешти чечмелеп түшүндүрүп беришин буюрду. Андан соң Байдаба ал осуяттарды кызыктуу баяндар менен кооздоп, узун кебин баштады. Чыгарма ушундайча башталат. Андан ары тамсил түрүндө айбанаттардын падышасы арстан, Калила жана Димна аттуу эки чөөнүн ага барып кеңешчи болушу, арстандын башка айбандар менен мамилеси жана окуялары баяндалат.

Адамзаттык маселелердин каймана берилиши[оңдоо | булагын оңдоо]

Чыгарма баштан аяк каймана маанилер менен жазылган. Жашоодогу жана коомчулуктагы ар кандай кемчиликтер так, кесе айтылбастан тамаша ирээтинде берилген. Чыгарманы кунт коюп маани берип окумайынча кээ бирөөлөр үчүн жаныбарлар жөнүндө кызыктуу баян же жомоктон айырмасы жок болуп калышы мүмкүн. Калила жана Димна коомдук жана жеке турмуштагы ар түрдүү кырдаалдарды кызыктуу окуялар аркылуу чагылдырып, окурманды алгач ырахатка бөлөп андан соң ага таамай жакшылыкка үгүттөгөн сабактарды берет. Алгач айтылгандай эле, Калила жана Димна өлкө бийлеген өкүмдарларга насаат, үгүт катарында жаралган. Ошондуктан Байдаба түзгөн бул чыгармада Индия өкүмдарына айтылган 14 кеңеш бар. Аны менен бирге чыгарма саясат таанууга да жардам берет. Бул эмгектин эл арасында оозго алынышы калктын каалоо-тилегин таамай бере алгандыгында. Адам баласы жашоосуна, турмуштагы ордуна каниет кылып жашашы, ага ыраазы болушу керек экендиги чыгармадан алына турчу эң негизги сабак. Дүйнөнү бийлесең да, жалгыз калып жардам берген, жөлөп таяган эч кимиң калбаса да ошого, азга-көпкө ыраазы болуу кыйын иш албетте. Бирок кандай гана жагдай болбосун сабырдуулук менен ошол кыйынчылыкты жеңүү керек деген кеңеш айтылат.

Акылман Байдабанын 14 кеңеши ар бир бөлүмдүн башында берилет. Ошондой эле ар бир бөлүмдө окуялардын негизинде ошол кеңештердин мааниси түшүндүрүлөт.

  1. Ушакчыларга, сыр сактаганды билбегендерге, сөз ташыгандарга эч качан ишенбеш керек, аларды укпаш керек.
  2. Жамандык кылган жамандык табат. Кудай бизге ар дайым убакыт берет, бирок унутпайт.
  3. Достук: досуңдун досуна дос, душманына душман бол
  4. Душмандын пайда көргөнү, биздин зыян көргөнүбүзгө байланыштуу.
  5. Тапканыңды сактабасаң, сарамжал болбосоң бир заматта жок болот.
  6. Шашылбоо терс жыйынтыктын алдын алат. Бирок жакшылыкта жарышууда шашылбоо жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдон жулуп алат.
  7. Душмандарың бириксе ортосун ыдыратып, андан соң өзүңө кошуп алсаң болот.
  8. Көрктүүгө алданбаш керек. Сага кепилдик берип өзүнө ишендирүүнү каалагандарга да алдырбаш керек. Алар менен тез арада мамилени токтотуу керек.
  9. Күнөөлүүнү кечирүү канчалык жакканын жакындарым билгенде, жагынуу үчүн баары ар ишти терсинен жасашмак.
  10. Киши өзүнө жаккан нерсени башкаларга да ыраа көрө билиши керек. Бирөөгө акшылык кылсаң колкоо кылба.
  11. Адам шыгы бар жерде гана ийгиликке жетише алат. Ошондуктан ар ким өзүнө ылайыктуусун тандашы керек.
  12. Падышалар жоомарт, эр жүрөк, мээримдүү жана илимдүү болуулары зарыл.
  13. Падыша кызматына ала турган кишилердин адеп-ахлагына көңүл буруусу өтө маанилүү. Ишенбей туруп сактыктан кеп кыла албайсың.
  14. Кудайдын буйругу адамдар каалабаса да ордун табат. Кудайдын буйругу болбой туруп бир тал чач да ордунан жылбайт.

Калила жана Димна чыгармасы жогоруда аталган кеп-кеңештердин ар бирөөнө терең токтолуп, кенен ачып берет. Китептин негизги темасы саясат болгондуктан ар кандай стратегиялык жагдайлар да талкуланат. Ошону менен бирге ал аны таамай айтпастан, окуяларга жуурулуштура баяндайт.