Мазмунга өтүү

Калинина Наталья Михайловна

Википедия дан

Калинина Наталья Михайловна (8. 12. 1948-жылы туулган, Украина, Донецк) — техника илимдеринин доктору (1999), профессор (1999), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1998). Донецк медицина окуу жайын (1967), Москва тоо интун (1975) бүтүргөн. Ошол эле жылдан Карелияда тоо жардыруу иштери боюнча жетекчи болуп иштеген. 1979-жылдан Фрунзедеги «Союзвзрывпром» трестинин курулуш лабор-сында бургулап жардыруу иштери боюнча инженер, ФПИнин лабораториясында ага илимий кызматкер (1986—90), Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институтунда (1990—94) иштеген. 1994-жылдан КРСУда профессор, жарылуу физикасы жана синергетикасы лабораториясынын башчысы. Детонация жана синергетика теориясы боюнча адис. 80ден ашык илимий иштердин, анын ичинен 4 монографиянын, 10 ойлоп табуунун автору. Эмгек: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрывчатые смеси. Механизм детонации (в соавторстве). Б., 1998; Оправдание синергетики. Синтез науки, философии и религии. Б., 2003.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]