Калифорния Университети (Беркли)

Википедия дан

Берклидеги Калифорния университети (англ. University of California, Berkeley; ошондой эле Беркли, Кэл, Кэл Беркли жана Калифорния) - Берклиде жайгашкан мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Ал 1868-жылы негизделген. Беркли Калифорния системасындагы он изилдөө университеттердин байыркысы, жана ошондой эле Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнө жүзүндөгү мыкты мамлекеттик жогорку окуу жайы катары эсептелинет.

Калифорния жеке колледжинин жана Окленддеги мамлекеттик айыл чарба, тоо-кен, жана механикалык искусство Колледжи менен биригүүнүн натыйжасында 1868-жылы Калифорния институту катары негизделген. Беркли болжол менен 350 бакалавр жана башка ар түрдүү дипломдук программаларды да сунуш кылат 1960-жылы, Берклиде студенттер жетектеген Эркин сүйлөө кыймылы, ошондой эле Вьетнам согушуна каршы кыймылдары менен белгилүү болгон.

Беркли америкалык ЖОЖдордун бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары эсептелинет. Жана ошондой эле 2015-жылдын 30-июнуна чейин абдан жогорку илимий-изилдөө жана өнүктүрүү чыгымдары $ 789 млн болгону маалым. Ал Лоуренс Беркли Улуттук лабораториясы, Лоуренс Ливермор Улуттук лабораториясы жана Лос-Аламос Улуттук лабораториялын кошуп, Америка Кошмо Штаттарындагы үч Улуттук Энергетикалык лабораториялары менен биргелешип иштейт. Буга кошумча дагы көптөгөн дүйнөгө белгилүү илимий-изилдөө институттары жана уюмдары менен эмгектеште, анын ичинде математикалык изилдөө-илимдер институту жана ааламды илим-изилдөө лабораториясы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]