Калкан сымал бездин жанындагы без

Википедия дан

Калкан сымал бездин жанындагы без - калкан сымал бездин аркасында жайгашкан ички секреция бези.

Көлөмү 10-15 мм, 2 жана 4 бөлүкчөдөн турат. Ал организмдеги кальций жана фосфор алмашууну жөнгө салуучу паратгормонун бөлүп чыгарат, сөөк тканынын пайда болушу, кандын уюшу, булчуңдун жыйрылышы, нерв импульстарынын берилиши, жыныс клеткаларынын уруктанышы жана башка физиологиялык процесстер организмде кальцийдин нормалдуу алмашуусунда гана ишке ашат. Бул бездин секрети көп бөлүнсө (шишигинде) гиперпаратиреоз оорусу өөрчүйт, сөөк көңдөйлөнүп морт болуп калат. Ал эми сийдикте кальцийдин көбөйүшү бөйрөк же табарсыкта таштын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Тескерисинче паратгормон организмде жетишсиз бөлүнсө, гипопаратиреоз оорусу пайда болот, анда кишини калтырак басат. Мындай абал бул без сезгенгенде же операция жасап, алып салганда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8