Калкан (геологияда)

Википедия дан

Калкан (геологияда) — бүктөлүүгө учураган платформанын астыңкы кабатынын жер бетине чыгып калган бөлүгү. Узун-туурасы жүздөгөн, миңдеген кмге созулат. Метаморфизмделген, граниттешкен тектерден турат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит-гнейс кездешет. Ар кандай түзүлүшкө ээ. Чет тарабынан марганец, алмаз, темир, уран жана алтындын ири кендери орун алат. Буга Канада, Алдан, Балтика К-дары мисал болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]