Калка суусундагы салгылашуу (1223)

Википедия дан

Калка суусундагы салгылашуу (1223) — орус жана кыпчак аскерлеринин моңгол-татар аскерлери менен алгачкы беттешүүсү. Бул салгылашуу 1223-жылы 31-майда азыркы Украинанын Донецк облусундагы Кальмиус дарыясынын куймасы Калканын (азыр Кальчик) жээгинде өткөн. 1222— 23-жылы моңгол аскерлери (30 миңдей) Түндүк Кара деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчактарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жардам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натыйжада 1223-жылы Киевде орус княздарынын жыйыны өтүп, алар моңголдорго каршы жортуулга чыгарын билдиришкен. Бирок саны 20 миңге жетпеген орус жана кыпчактардын биргелешкен аскерлери Жебе жана Субэдей башында турган моңгол-татарлардан жеңилип, аман калгандары Днепрдин ары жагына качкан. Моңголдор кайрадан Калка суусунан өтүп, орус аскерлерин курчоого алган. Үч күн салгылаштан кийин, орустардын негизги аскер күчтөрү багынууга мажбур болгон, к. Моңгол империясы, Чыңгыз хан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]