Калктын табигый өсүшү

Википедия дан

Калктын табигый өсүшү — белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн ортосундагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэфф. менен эсептелет. Европада ал 0,1%о, Африкада 2,8%о жана башка Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9%о), ал эми эң азы Латвия (ф1,6%о) менен Эстонияга (—1,4%о) таандык. Калктын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көрсөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн жалпы коэффициенттерин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 3,2%оге барабар. Мындан тышкары калктын табигый өсүшүнө тиричилик коэфф. (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн саны), аялзат калкынын жаңыланып туруусунун коэффициенти — Брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын саны) жана Нетто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашына жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде Нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кыргызстанда калктын табигый өсүшү 47%оге (2008) барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]