Калмак-кыргыздар

Википедия дан

Калмак-кыргыздарКытай Эл Республикасынын Шинжаң Автономиялуу облусунда Эмель-Гол Моңгол Автономиялуу округунда жашаган этностук топ. Калмак-кыргыздардын курамын сарыбагыш, мундуз, баарын, ханзу (кытай), тува, казактар түзөрү аныкталган. Турмуш-тиричилиги, каада-салты моңголдордукуна окшош. Буддизмдин бир тарамы болгон лама динин тутунушат. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча калмак-кыргыздардын тили негизинен казак, кыргыз тилинин элементтеринен куралган. Өздөрү ата-бабаларынын бул аймакка мындан 300 жыл мурда келгендигин белгилешет. Алар 17–18-кылымда калмактар (ойроттор) тарабынан сүрүлгөн түрдүү этностук топтордун аралашуусунан келип чыккан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.