Калпаков Байсерке

Википедия дан

Калпаков Байсерке (1882, Тоң району – 1941, Урал) – драматург, акын. 1910–1911-ж.

медреседен окуп, кат таанып, андан кийин өзү медресеге мугалим болот. “Талап” аттуу адабий ийримдин мүчөсү деген чүмбөттүн алдында контрреволюциялык иштерди жүргүзгөн деген саясий күнөө коюлган. Кол жазмалары сакталган эмес.

Мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган ырлары макалалары, фельетондору бар. “21чи корбийа”, “Биздин журт” (“Көмөк” газетасы, 1919), ”Май майрамы”, “Акмат жана башка Байгана” (Эркин Тоо, 1926, 20-янв., №7), “Кайгы күн – 21-январь”, Эркин Тоо, 1926, 25-янв., №9, 3-бет), “Сагынам” (Эркин Тоо, 1926, 1-февральда, №12, 3-бет), “8-март” деген жети гана ыры бар. Булардын үчөө (“Акмат жана башка Байгана”, “Сагынам”, “Май майрамы”) 1927-ж. Москвадан чыккан кыргыз акындарынын ыр жыйнагы “Кызыл гүл” деген китепке кирген. 20-жылдагы акын-жазуучулар сыяктуу эле негизинен окууга, жаңыча жашоого үндөө, чакырык, жаңы заманды даңазалоо, эскини сындоо повесундагы чыгармаларды жараткан. Калпаковдун адабияттагы жашыруун аты “Шоокум”. Сатираларын “Чанчуур” деген ат менен жарыялап турган. Эл арасында “Байсерке чечен” деген аты кеңири белгилүү. Калпаков 1918-жылдан баштап “Тилчи”, “Көмөк”, “Кембагалдар авазы”, “Эркин-Тоо” сыяктуу газеталарда журналист болгон. Жыйынтыктап айтканда, Калпаков 20-жылдардагы акын-жазуучулар сыяктуу эле көп кырдуу кесипти аркалап, адабият майданында ар түрдүү жанрдын үстүндө иштеген. 1957-ж. 31-июлда Калпаков күнөөсүнүн жоктугуна байланыштуу акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]