Калпурган

Википедия дан

Калпуранکلپوران[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Калпурандын байыркы чопо идиштери (карапалары) )سفال کالپوران سیستان

Калпуран Болужстан жана Систан аймактарындагы Сараван шаарчасында жайгашкан айыл.Калпуран айылынын чоподон жасалган идиштер музейи дүйнө жүзү боюнча 7000 жыл тарыхы бар жалгыз сакталып калган музей. Андагы дүйнө элинин көңүлүн бурган нерсе, бул карапалар эч кандай куралсыз кол менен жасалат жана андагы баардык чоподон жасалган карапалар байыркы эң биринчи салттуу ыкмалар колдонулуп, айымдар тарабынан гана аткарылат. Аталган кол өнөрчүлүк байыртадан бери карапа жасоо ыкмасын, ага кошула турган заттар эч өзгөртүлбөй колдон колго, урпактан урпактарга сакталып келет жана кумара жасоочу кол өнорчүлөр анын байыркы салттуу ыкмасын кол өнөрчүлүк мурас катары сактап келишет.

Калпуран карапа өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калпуран айылынын карапаларынын белгилүү болушунун себеби, андагы уникалдуу өзгөчөлүкөр буулап карапаны жасоодогу бардык этаптар байыркы салттуу ыкма менен кыз-келиндер тарабынан колго жасалат, ал эми эркектер 2-3 километр алыстыкта жайгашкан Маскутан булагынан чопо ташып келүү, андан ылай жасоо жана даяр болгон карапаларды бышыруу сыяктуу жумуштарды аткарышат. Калпуран карапаларынын түзүлүшү жана сүрөттөрү толугу менен геометриялык болуп эсептелип, байыркы кубулуштарды чагылдырат. Ал эми карапанын сырткы жасалгалары байыркы абстарктуу белгилер менен кооздолуп, муундан муунга, урпактан урпактарга эстелик катары сакталып, өнөрпөздүн руханий жана ички дүйнөсүн жана сырын айлана чөйрөдөгү ишенимин, оз карашын чагылдырган. Андагы сүрөттөр байыркы жана тарыхка чейинки кубулуштарды чагылдырган. Бул карапаларды жасоодо глазурь колдонулбайт, бирок аны кооздоп, сүрөт тартууда “титук” ташы колдонулат. Титук ташынын өңү күрөң, кара келип, негизинен Мехрстан аймагындагы Ачар дөбөсүнөн алынып келинет. Титук ташы марганец таш түрүнө кирип, андан күрөң түш алынат. Бул карпанын дагы бир айта кетчү өзгөчөлүгү, анын сапаттык түркүмү, алар бүгүнкү күндө жасалган карапаларга караганда сапаттуу келип, керамиканын башка түрлөрүнө караганда сапаттуу жана бышык болот. Калпурган карапаларынан кесе, чыны, кумара, шекер салгыч, стакан, куту, чөйчөк ж.б. жасалат. Алардын көбүн өзүнчө идиш катары колдонуу максатында капкактары менен жасашат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Захра Салехнежад, “Калпуран айылы”, 16 шахривар 1395ж.(ир.ж.).

Маданият, Кол өнөрчүлүк