Калп(адабият)

Википедия дан

Калп адамдын кыялынан бүткөн, акылга сыйбаган жок нерсени чындай баян кылган кээде ыр, көпчүлүк учурда кара сөз түрүндөгү оозеки – маданий искусствонун бай казынасында эзелтен бери эле түптөлүп, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган, элдик салттуу поэзиянын алкагында калыптанган жанрлардын түрү орун алган. Алар өз алдынча болобу, же белгилүү бир фольклордук чыгарманын ичинде болобу бирин-бири толуктап, ийкемдүүлүк менен чыгарманын сюжетине сиңип, жуурулушуп кетүү универсалдуулугуна ээ. Кайсы бир жанрлар кыргыз фольклористикасында изилдөөнүн обьектисине алынып, өзүнүн тиешелүү баасын алса, кай бири толук кандуу жанр катары карала элек. Ошондой жанрлардын бир түрүнө Калпты кошууга болот.

Калп башка кеңири жайылган жанрларга салыштырмалуу арыш ала албаган. Эл оозунда көп айтылбай, өнүкпөй келгени да бир жагынан жанр деп кароого мүмкүндүк бербей келген. Мындай болушу Калптын айтылышынын татаал экени – ар бир эле адам логикалык ыкчамдуулук менен кызыктуу аңгеме же ыр түрүндө айта албаганы менен чектелет. Бирок, аз санда болсо да, калптын айтылышына, вариацияларына, мазмунуна, белгилүү бир түзүлүшүнө, башка жанрлар менен тыгыз байланыштуулугуна карасак, Калпты оозеки маданиятыбыздын бир чакан жанры катарында көргөзсөк жаңылышпайбыз. Калпта белгилүү бир темадагы ырааттуулук жок, көпчүлүк убакта анын ар бир сабы өз алдынча мазмунга ээ болушун учуратабыз. Мисалы,

Чылым тарттым көпөлөктүн куу башынан,
Чыкта түйдүм боз торгойдун чуудасынан,
Айыл кечпеген дайрадан кечип чыктым,
Чегирткенин тору айгырын минип алып туурасынан.

Көрүнүп тургандай Калп ар бир сапта адамдын кылык – жоруктары сыяктанган туюмду берет. Максаты – башкалардын көңүлүн ачуу, тамаша иретиндеги айтылган саптарынан көрүнөт. Кээ бир учурда Калптын вариацияларын учуратууга болот. Мисалы,

Атамдын баскан жерине кайырмак салып
Узундугу кырк кездей жаян алдым.
Чоң атамдын баскан изине көл токтотуп
Көл токтотуп кырк кулач жаян алдым.

Бирине “кырк кез жаян” десе, экинчисинде “кырк кулач жаян”, – дейт. Экөөнүн мааниси бирдей. Дагы бир өзгөчөлүгү – Калптын акырында “башкасы калп болсо да ушунум чын”, же Калптын башындагы “өтүрүктү, өтүрүктү, өтүрүктү эл айтса да, мен айтпаймын өтүрүктү” деп туруп Калп айтып кириши. Мындай башталуу, же жогорудагыдай акыркы саптар Калптын маани маңызын түшүнүүгө көмөк берген негизги ачкычы. Мисалы,

Чылбыр эштим торгойдун чуудасынан,
Бир торгойдон бир табак эт алдым
Ал торгойдон чоң табак сөөк чыкты
Сөөгүн алып көлгө көпүрө ооладым.
Башкасы калп болсо да ушунум чын, – дейт. Мындан сырткары башка жанрлар менен байланышын көбүнчө жомоктордон кездештиребиз (мисалы, “Кимиси чоң” деген элдик жомок же “Сары таз” жомогу о. эле “Кырк калп” аңгемеси. Калп көбүнчө жорго тилде, айрым убакта уйкаш ыр сабында, же кара сөз аңгеме түрүндө айтылат. Ыр сабынын акырында уйкаштык дайыма туруктуу боло бербейт. Адатта Калпты айтып жаткан адам, аңгемесиндеги окуяны өз башынан өткөн сыяктуу, өзүнө таандык кылып баяндайт. Жыйынтыктап айтканда, Калп оозеки поэзиябызда салттуу түрдө өнүгүп келе жаткан фольклор жанрларынын бирине жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]