Калтаев Токтосун

Википедия дан

Калтаев Токтосун 07.09.1942 - жылы Талас областынын Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында туулган.1960-жылы Ленинполь районундагы №1 орто мектепти бүткөн.1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология факультетин ийгиликтүү аяктаган.1971-1974-жылдары Кыргыз илимдер Академиясынын Биология институтунда “энтомология”багыты боюнча аспирантурада окуп,1983-жылы Ленинград шаарында кандидаттык илимий эмгегин ийгиликтүү жактаган.1974-1986-жылдарыБиология институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1986-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Университетинде эмгектенет.Биология илиминин кандидаты (1983).

Ардактуу профессор,доцент И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген кызматкери.Педагогика факультетинде профессордун милдетин аткарат. Илимий изилдөө багыты болсо,башталгыч мектепте табият таануу предметтерин окутуунун проблемалары үстүндө иштейт. Илимий-педагогикалык жана окуу методикалык эмгектери – 78; 5 окуу программасы,1 окуу китеби,2 окуу методикалык комплекси, 1 практикалык рекомендация, 30 илимий эмгек,32 илимий методикалык эмгек, 8 популярдык эмгек.

Төмөнкү сыйлыктардын ээси: “Эмгек ардагери” медалы(1988), “Элге билим берүүнүн отличниги” төш белгиси(1994), И.Арабаев атындагы юбилейлик медаль(2005), И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору”(2011), Бүткүл союздук илимий-техникалык жаштар чыгармачылык конкурсунун лауреаты(1974), И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген кызматкери(2014), Д.Сорос тарабынан уюштурулган “Биоразнообразия” конкурсунун утуучусу(1994), Кыргыз Республикасынын профсоюздук кыймылынын отличниги(2012).

2004-жылы “Биология” энциклопедиясын,1977-1980-жылдары Кыргыз Совет энциклопедиясын 2013-жылы Кыргыз Улуттук энциклопедиясын,2007-жылы Кыргызстандын кызыл китебин түзүүгө катышкан.