Калчабаева, Бурул

Википедия дан

Калчабаева, Бурул – драматург.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Бир катар адабий сыйлыктардын лауреаты. Т. Абдумомунов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1951-жылы туулган. 1968-жылы орто мектепти аяктаган. 1979-жылы КМУнун филология факультетин, 1989–1991-жылдары Москва Адабият институтунун Жогорку адабият курсун бүтүргөн.

Б.Калчабаеванын «Күкүк жазында чакырат» деген биринчи пьесасы 1975-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарыяланган. Анын пьесалары Кыргызстандын облустук жана райондук театрлардын сахналарында жана, Казакстанда коюлган.

Ал Г.Нахуцришвили, В.Володина, Д.Киносито, А.Дурдыева, Дж.Кийи, Т.Ибраимов, Т.Абдыгуловдордун пьесаларын которгон.

Пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толкундар тереңге кетет. – Нарын облустук театры (1978).

Мен сүйгөн обон. – Ысык-Көл драма театры (1986), Чүй облустук театры (1997).

Кыз күйөө (1991), Аянанат (1990). – Казакстандын Талдыкоргон облустук театры.

Арман, Таштабай тентек. – Кыргыз Улуттук драма театры (2000).

Аян. – Кыргыз Улуттук драма театры (2001).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]