Калыбекова Чынар

Википедия дан

Калыбекова Чинар

Жалпы маалымат

Төрөлгөндө берилген аты:

Калыбекова Чинар Сеитбековна

Туулган жылы:

19.04.1961-жыл

Туулган жери:

Шекер айлы, Кара - Буура району, Талас облусу, Кыргызстан

Өлкө:

СССР→Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

театр жана кино артисти, дастанчы, акын, драматург

Наамдары:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Т.Абдумомунов, А.Токомбаев атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери

Чыгармачылык активдүүлүгү:

1978-жылдан баштап ушул кезге чейин

Театр:

Нарын облустук М.Рыскулов атындагы драма театры, Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы Филармониясы, Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана балдар театры

Калыбекова Чинар Сеитбековна - акын, драматург, дастанчы жана актриса. Кара-Буура районунун Шекер айылында 1961-жылы 19-апрелде туулган. 1978-жылы Шекер орто мектебин, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык театралдык студияны аяктаган.

Эмгек жолун М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштөө менен баштаган. Ошол театрда эмгектенип жүрүп Ташкендеги Н.Островский атындагы театралдык институтун жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Актер, театр жана кино» бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн. Ар түрдүү драмалык, трагедиялык, сатиралык жана комедиялык пландагы каармандардын образдарын бирдей деңгээлде түзө билген кеңири диапазондуу актриса.

Кыргыз драматургдарынан баштап, орус, чет элдик классиктердин, белгилүү драматургдардын чыгармаларынан жаркын образдарды жараткан. Кыргызфильм жана телефильмдерде бир топ эмгектерди жараткан. 1995 - жыл өткөн "Манас - 1000" улуу мааракесинде Умай энени ойногон.

«Мажүрүм тал», «Эне мээрими», «Биздин кыздар» аттуу чакан новеллалары, «Жалгыздык», «Тунуктун ыры», «Сезимде калган сыр» аттуу ырлары райондук гезит-журналдарга, республикалык «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты» гезиттерине жарыяланган. Ч.Калыбекова ошондой эле жазган ырлары аркылуу кыргыз элине улуу эмгектерин калтырган Залкар инсандарды көп учурда эскерип, аларга арноо ырларын, поэмаларды жазып келет.

Аларга: Жүрөктөр ыйлап турат (СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевге), Төрөгүн уулду Чынгыздай (Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовго), Бири кем дүйнө (Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевге), Устатым узун өмүр жашасын (Кыргыз эл артисти Гулшара Дулатовага), Кетти Залкар... (СССРдин эл артисти Капар Медетбековго), Сен кеткенде (Төкмө акын Майра Керим кызына), Сендеги талант келген улуу тоолордон (белгилүү сүрөтчү Шарип Жайлообаевге), Карагердей жулкунган кайран гана 34 – жаш (Акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаевге), Соң – Көл чүрөгү (Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген арт. Таттыбүбү Турсунбаевага), Алп өнөрдүн чыгааны (КРнын эл артисти, режиссер Алмаз Сарлыкбековго), Ырларың да муңканып сени жоктойт... (КРнын эл артисти Апаз Жайнаковго), Кайран Бакен... (СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеевага), ж.б. д.у.с. ырлары, поэмалары кирет.

1983 – 1987 - ж.ж. Кыргыз Мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы Филармонияда Фольклордук ансамблде солистка болуп иштеп, ырчы катары таанылды. Кыргыз аялдарынын ичинен чыккан биринчи дастанчы жана казалчы. Ошондой эле "Чыгыш бийлерин" өзгөчө мыкты өздөштүрүп, көрүүчүлөргө тартуулаган кыргыз кыздарынан чыккан биринчи бийчи катары да белгилүү. Мис: “Козу Көрпөш - Баян сулуу”, “Эр Табылды”, “Өрүк комуз”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Курманбек”, “Аксаткын менен Кулмырза”, “Көксулуу”, “Айсары кыздын арманы”, “Эненин арманы”, “Эне жүрөгү”, “Бир махаббат арманы”, “Кайран эл”, “Бийлик - бийлик”, “Сагын эненин арманы”, “Кыз Сайкалдын арманы”, “Таштанды кыздын арманы”, “Үмүтай кыздын зары”, “Заман ай”, “Кумурсканы майда деп...”, “Мидинге кат”, “Алтындын арманы”, ж.б. дастан – казалдары угуучулардын арасында терең тараган жана эл сүйгөн чыгармалардан болгон.

Анын аткаруусундагы чыгармалар Кыргыз радиосунун "Алтын казынасына" жазылып алынып, жыйырмадан ашуун обондуу ырлары нотасы менен «Жүрөктөгү сыр» аттуу ырлар жыйнагында камтылган.

Драмалары орус, тажик, казак, ж.б. тилдерге которулуп, «Үмүт» драмасы Таджикстан Республикасынын С.Вали - Зааде атындагы Куляб облустук театрында коюлган.

Чыгармачылыктагы жетишкендиктери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1983-жылы Бүткүл Союздук Эл аралык Театрлар Фестивалынын лауреаты (Кыргызстан).
  • 1984-жылдан Кыргызстан Театр ишмерлер Союзунун мүчөсү.
  • 1985-жылы Эл аралык Орто Азия, Казакстан жана Кыргызстан Фольклордук Фестивалынын (Тажикстан) Лауреаты.
  • 1988-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак Грамотасы,
  • 1990-жылы Кыргызстан Аялдар конгрессинин Ардак Грамотасы,
  • 1991-жылы Кыргызстан Аялдар комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
  • 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • 1997-жылдан Кыргызстан Драматургдар Ассоциациясынын мүчөсү.
  • 1998 - жылы «Нооруз - 98» Театрлар Фестивалынын Лауреаты болгон.
  • 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • 2001-жылы «Мен да бактылуу болгум келет» драмасы үчүн Кыргызстан Аялдар комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн драматургдардын чыгармаларынын сынагында «Калыйман», «Актриса», «Мусордогу Роза», «Үмүт» драмалары төрт орунду тең жеңип алган. Драматург бул жеңиши менен Республикада «Сенсация!» жараткан.
  • 2005-жылы Эл аралык Орто Азия Казакстан жана Кыргызстан драматургдарынын I - фестивалында «Үмүт» драмасы мыкты деп "Сертификатка" ээ болсо,
  • 2006-жылы Эл аралык Орто Азия Казакстан жана Кыргызстан драматургдарынын II - фестивалында «Актриса» драмалары көркөмдүк жагынан эң мыкты деп табылып, «Сертификатка» ээ болгон.
  • 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамын алган.
  • 2006 - жыл. 25-декабрь. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзу тарабынан «Үмүт» драмасы үчүн автор «Алтын калем» менен сыйланган.
  • 2009-жылы Талас облусунун Шекер айылындагы Т.Айтматов атындагы орто мектептин «Ардактуу мугалими» сыйлыгына татыган.
  • 2009-жылы Баткен облусунун маданият тармагынын өнүгүүсүнө жана театрдын жаш артисттеринин чеберчиликтерин жогорулатууга кошкон барандуу салымы үчүн Баткен облусунун Мамлекеттик Администрациясынын “Алкыш баракчасы” менен сыйланган.
  • 2009 – жыл. 1 - октябрь. СССРдин эл артисти М.Рыскуловдун 100 – жылдыгына карата Жалал – Абад шаарында өткөрүлгөн 4чү Республикалык Театрлар Фестивалында «Наристелердин чаңырыгы» трагидрамасы үчүн «Т. Абдумомунов атындагы сыйлыктын ээси» - Төш белги менен сыйланган.
  • 2012-жыл. 27- март. “Үмүт, “Мусордогу Роза”, “Актриса” драмаларын эң жогорку чеберчиликте жараткандыгы үчүн “А.Токомбаев атындагы сыйлыктын ээси”.
  • 2013 – жыл. Июнь. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 – жылдыгына карата Нарын шаарында өткөрүлгөн Vчи Республикалык Театрлар Фестивалында «Өксүгү күчтүү өмүр» тагидрамасы менен (Реж: КРнын эл арт. З.Сооронбаев) ийгиликтүү катышып, Салиманын ролун эң мыкты жараткандыгы үчүн жаш актриса Садирова Гүлүмкан “Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктын ээси” болду. Баткен областык музыкалык драма театры. 
  • 2014 – жыл. 8 – март. Маданияттын мыкты кызматкери – Төш белгиси менен сыйланган.
  • 2014 – жыл. Сахнадагы 37 – жылдык талыкпаган эмгеги бааланып, “Калыйман”, “Карагер” көлөмдүү драмалары жана “Өмүр - Дастан” китеби менен “Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкка” көрсөтүлгөн.
  • 2015-жыл. 26-февраль. Нарын облусунун маданият тармагынын өнүгүүсүнө жана театрдын өсүшүнө өз учурунда кошкон барандуу салымы үчүн (1980 -1990) жана "Ботокөз" спектакли үчүн Нарын шаарынын Мэри тарабынан “Алкыш баракчасы” менен сыйланган. Нарын шаары.
  • 2015 – жыл. «Ботокөз» тагидрамасы Vчи Эл аралык “ART - ORDO” Театралдык Фестивалынын Лауреаты болду. Театр Диплом менен сыйланды. Спектаклдеги Акыйкаттын образын эң мыкты жараткандыгы үчүн актриса Сапина Көгөева “Аялдардын мыкты ролу үчүн” сыйлыгына татыктуу болуп, Диплом жана өзгөчө байгеге ээ болду. М.Рыскулов атындагы Нарын областык музыкалык драма театры. 
  • 2016 – жыл. Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Ардак Грамотасынын” ээси.
  • 2017 – жыл. КРнын Өкмөнтүнүн Архивдик Агентигиндеги иштеринде жасаган өзгөчө эмгектери үчүн “Ардак Грамота” менен сыйланды.
  • 2018 - жыл. "Көөдөндө чоң үшкүрүк" монодрама Эл аралык Театралдык Фестивалда актирсаны ойногон Фарида Шыгаева "Жылдын мыкты актрисасы" номинациясына ээ болду. (Реж. Майрамбек Сагынбаев) Жумгал музыкалык драма театры.
  • 2018 – жыл. Декабрь. “Наристелердин чаңырыгы” (Реж: Тимур Маматкулов). Ош МУнун киноакадемиясынын студенттери койгон спектакль IV студенттер арасындагы Театралдык Фестивалда Мээримдин ролун эң мыкты жараткандыгы үчүн Арууна ................. Дебють, ДИПЛОМго ээ болду.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жүрөктөгү сыр: Ырлар. – Б.: "Басма тамга", 2004. – 168 б.
  • Өмүр - Дастан. Ырлар. Көркөм жыйнак. – Б.: "Басма тамга", 2009. – 392 б.
  • Тагдыр. Даректүү роман. - Б.: Кыргызпатент, 2015. - 246 б.
  • Карагер. 1-том. Драмалар жыйнагы. - Б.: "Улуу Тоолор", 2017. - 592 б.
  • Карагер. 2-том. Драмалар жыйнагы. - Б.: "Улуу Тоолор", 2017. - 636 б.

Коюлган драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • 2001 - Мен да бактылуу болгум келет (реж. А.Сарлыкбеков), Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры. Бишкек шаары.
  • 2004 - Мен да Розамын (реж. К.Касенов), Ч.Айтматов атындагы Ново - Павловка лицейи. НТД театры.
  • 2004 - Мен да Розамын Кыргыз телевидениесинин Алтын казынасына жазылып алынган. Бишкек шаары.
  • 2005 - Үмүт (реж. К.Касенов) – Б.: Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры. Бишкек шаары.
  • 2007 - Ботокөз (реж. А.Сарлыкбеков, Ж.Сыдыков) Ак - Талаа элдик театры. Нарын облусу.
  • 2009 - Наристелердин чаңырыгы (реж. Т.Сатаров) Баткен музыкалык драма театры, Баткен шаары.
  • 2011 - Актриса, Казакстан.
  • 2013 - Өксүгү күчтүү өмүр (реж. З.Сооронбаев) Баткен музыкалык драма театры. Баткен шаары.
  • 2014 - Үмүт (реж.Э.Чалабаев). Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук Искусство Университетинин сырттан бүтүрүүчүлөрдүн Дипломдук спектакли. Бишкек ш.
  • 2015 - Ботокөз ("Онтоосу көп, Общий дом"), (реж. Ш.Мендибаиров) М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу Академиялык драма театры. Нарын шаары.
  • 2015 - Ботокөз ("Онтоосу көп, Общий дом" деген аталышта), Кыргыз телевидениесинин Алтын казынасына жазылып алынган. Бишкек шаары.
  • 2018 - Көөдөндө чоң үшкүрүк (реж. Майрамбек Сагынбаев) Жумгал музыкалык драма театры.
  • 2018 - Мектеп рекеттер, же 21 кылымдын “вампирлери”, (реж: Эльдияр Жарашев) Т.Сатылганов атындагы кыргыз мектеп. Бишкек шаары.
  • 2018 – Наристелердин чаңырыгы (Реж: Тимур Маматкулов). Ош МУнун киноакадемиясынын студенттеринин спектакли.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2006 - Үмүт (реж. Рахмонали Одинаев, которгон Жума Куддус) С.Вали - Зааде атындагы Куляб музыкалык драма театры. Тажикстан.

Ч. Калыбекованын театрда ойногон негизги ролдору:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрында (1978-80-ж.)

  • Почточу кыз, (М.Тойбаев, "Ак жол", реж. О.Эркинбаева)
  • Карышкыр, (К.Эшмамбетов "Эгиз бала", реж. О.Эркинбаева)
  • Алтынай, Кекелей, (Т.Абдумомунов "Маашырбек үйлөнөт", реж. Ж.Козукеев)

М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында

  • Эне, (Т.Абдумомунов “Карагул ботом”, реж. О.Ковшов)
  • Марселина, (Бомарше “Фигаронун үйлөнүшү”, реж. Ж.Козукеев)
  • Мяхри, (А.Таган “Кайнене”, реж. З.Аклаева)
  • Регана, (В.Шекспир “Король Лир”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Эне, (М.Тойбаев “Пишпек уулу”, реж. А.Кускаков)
  • Маркатай, (С.Сарыгулов “Куу дөңгөч”, реж. А.Кускаков)
  • Глаша, (А.Островский "Добул", реж. Э.Токтогулов)
  • Калича, (Ж.Садыков “Күйөө жолдош”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Күлүмкан, (Ч.Айтматов “Кыямат”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Рай. секретары, (Т.Абдумомунов “Борбаш”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Макдуф айым, жезкемпир, Шекспир "Айым Макбет", реж. А.Сарлыкбеков)
  • Индиянка, (А.Таган “Бактиярдын ыры”, реж. З.Аклаева)
  • Кыз, (Ф.Достоевский “Кылмыш жана жаза”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Насипа, (Э.Эрматов “Аксаткын менен Кулмырза”, реж. А.Кускаков)
  • Асыл, (Б.Жакиев “Жаза”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Айнура, (Ж.Өзүбекова “Кыял”, реж. С.Арцыбашев)
  • Жамал, (Н.Байтемиров “Токтогул” – Жамал. Реж.А.Сарлыкбеков)
  • Торко сулуу, (А.Тыныбеков “Эр Табылды”, реж.А.Кускаков)
  • Актриса Сайра, Б.Алиев “Адам азыткысы”, реж. М.Сагынбаев)
  • Аманат, (С.Алтымышев “Куу тумшук”, реж. А.Кускаков)
  • Шарипа, (Б.Үсөнкулов “Кечир, ак жылаан”, реж. Б.Карагулов)
  • Кара далы, Атаман, (К.Мамбетакунов “Боз бойдок”, реж.А.Сарлыкбеков)

Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Жаштар театрында

  • Набат, (“Багы жокко дагы жок”, реж. М.Назаралиев)
  • Айжаркын, (М.Мамазаирова “Аппак аял айдай кыз”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Сайкалдын жеңеси, (Н.Жүндүбаева “Кыз Сайкалдын арманы”, Реж. А.Сарлыкбеков)
  • Дүрдана, (С.Алтымышев “Кара кийген сулуу”, реж. К.Осмоналиев)
  • Жаркынай, Дунган кыз, Флюра, (С.Раев “Оо, кыздар”, реж. А.Сарлыкбеков)
  • Жамиля, (С.Ахмад “Күйөө бала”, реж. З.Аклаева)
  • Ханша, (Б.Үсөнкулов “Карагайлуу булак”, реж .Т.Сманбеков)
  • Актриса Сайра, (Б.Алиев “Адам азыткысы”, реж. М.Сагынбаев)
  • Кунуча, (В.Козлов “Токойдогу окуя”, реж. А.Океева)
  • Мастан, (Ч.Мингалимов “Шурали”, реж. З.Аклаева)
  • Бак, (К.Драгунская “Вверх тормашками”, реж. Н.Асанбеков)
  • Кошокчу, (Б.Өмүралиев “Найман Эне”, реж. З.Аклаева)
  • Шишик аял, (Б.Жакиев “Алтын аяк”, реж. А.Сарлыкбеков, З.Аклаева)
  • Чоң маскарапоз, Н.Мендебаиров “Сыйкырдуу трон”, реж. М.Козукеев, Н.Мендебаиров),
  • Умай Эне, ("Манас 1000", реж. Б.Шамшиев, А.Сарлыкбеков),
  • Ормон хандын аялы, ("Эгемендүүлүк", реж. М.Байжиев, А.Сарлыкбеков), ж.б.

Кинодо:

  • Чабандын аялы, (А.Суюндуков "Кайчылаш жолдор", реж. А.Суюндуков)
  • Шыбакчы кыз, (Казфильм)
  • Ветнамка, (Мосфильм)
  • Алимандын жеңеси, (Ч.Айтматов "Саманчынын жолу", реж. Б.Карагулов)
  • НКБнын кызматкери, (Маленькая Вильма. Последний дневник, реж. Марта Месарош)
  • Вахтерша аял, (Ж.Кулмамбетов "Чынгыз менен Бүбусара", реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Улуу жеңе, (А.Бекболиева “Эне жүрөгү”, реж. Максат Жумаев)
  • Таене, (К.Раев, "Аделина", муз. клип)

Ч. Калыбекованын обондуу ырлары

  • Коштошуу. Сөзү Ч. Мамыркановдуку.
  • Мен сенсиз. Сөзү Ж. Акунованыкы.
  • Өкүт ыры. Сөзү Жумадин Кадыровдуку.
  • Жалгыздык. Сөзү өзүнүкү.
  • Кайран эл. (дастан) Сөзү Э. Токтогуловдуку.
  • Баарыңа узун өмүр тилеп жүрөм. Сөзү Н. Алымбековдуку.
  • Бийлик – бийлик. (казал) Сөзү Г. Момунованыкы.
  • Таштанды баланын ыры. Сөзү Н. Жүндүбаеваныкы.
  • Сыйлай жүр. Сөзү Мидин Алыбаевдики.
  • Армандуу сүйүү. Сөзү Т. Адышеваныкы.
  • Кишимжандын кошогу. Сөзү Ж. Абдыкадыровдуку.
  • Сезимде калган сыр. Сөз, обону өзүнүкү.
  • Сезимде калган сыр. Обону Исламбек Мамаковдуку. (Казакстан).
  • Сезимде калган сыр. Обону Парпиевдики.
  • Жолукбайбыз. Сөзу А. Чойбекованыкы.
  • Экөөбүздүн турмушубуз. Сөзү Т. Эргешовдуку.
  • Кезигишпей кеткен сүйүүм кечиргин. Сөзү О. Садыковдуку.
  • Өмүр дастаны. Сөзү (дастан) Калыгулдуку.
  • Сагындым. Обону Исламбек Мамаковдуку. (Казакстан).
  • Калыймандын ыры. Сөзү К. Осмоналиевдики.
  • Кайдасың аруу сүйүүм. Сөз, обону өзүнүкү.
  • Кайдасың аруу сүйүүм. Обону Парпиевдики.
  • Алтындын арманы. (дастан) Сөзү өзүнүкү.
  • Сагын эненин муңу (дастан) Сөзү өзүнүкү.
  • Үмүттүн зары. (казал) Сөзү өзүнүкү.
  • Кумурсканы майда деп. (казал) Сөзү өзүнүкү.
  • Көзү ачык шейит кеткендер. (казал) Сөзү өзүнүкү.
  • Кыз Сайкалдын арманы. (дастан) Сөзү өзүнүкү.
  • Таштанды кыздын арманы. (казал) Сөзү өзүнүкү.
  • Мидинге кат. (казал) Сөзү Байдылда Сарногоевдики.

ДРАМАЛАРЫ:

  • 1987- 88 - Калыйман,
  • 1995 - Үмүт,
  • 1996 - Оогандан калган тактар,
  • 1999 - Мен да бактылуу болгум келет,
  • 2000 - Актриса,
  • 2003 - Мусордогу Роза,
  • 2003 - Сырдашым,
  • 2004 - Көөдөндө чоң үшкүрүк,
  • 2004 - Карагер,
  • 2004 - Мен да Розамын,
  • 2005 - Ботокөз,
  • 2005 - Күмүшай эненин күйүтү,
  • 2007 - Өксүгү күчтүү өмүр,
  • 2008 - Наристелердин чаңырыгы,
  • 2008 - Достор,
  • 2009 - Ыза,
  • 2010 - Келин,
  • 2012 - Кек,
  • 2013 - Мекен Эне баккан кыз,
  • 2013 - Мектеп рекеттер, же 21 кылымдын “вампирлери”,
  • 2013 - Намыс,
  • 2014 - Уурдалган балалык,
  • 2015 - Туманда калган тагдырлар,
  • 2015 - Сайракандын саунасы,
  • 2016 - Фатима,
  • 2017 - Кусанын дарты,

Сценарийлер:

Кайталангыс министр эжем. (К.Кондучалованын 90 - жылдыгына),

Ханышасы чоң сахнанын... (Бакен Кыдыкеева 90 – жашта),

Сахнада жанган жылдыздар (КРнын эл арт. Б. Алиев 80 - жашта, К.Курманалиева - 75 - жашта),

Элим деп күйгөн жүрөк (Насирдин Исановдун 70 - жылдыгына карата),

Тилиңди сакта - кыргызым! (Кыргыз тилин өнүктүрүү, Тил күнүнө 22-жыл),

Котормолору:

  • Вверх тормашками, (К.Драгунская). Кыргыз тилине которгон.
  • Келиндер козголоңу, (Саид Ахмад). Орус тилине которгон.
  • Маша жана аюу, (Олег Кузовков). Кыргыз тилине которгон.

Орус тилине которулган драмалары:

  • Актриса, (Перевод Т.У.Абдыгулова.) 2000г.
  • Я тоже хочу быть счастливой, (Перевод Т.У. Абдыгулова.) 2000 - 2001г.г.
  • Умут, (Перевод Т.У.Абдыгулова.) 2004г.
  • Умед, (Рухшона Куддус и Джума Куддус, Таджик. яз.) 2002г.
* Умед , (Рухшона Куддус и Джума Куддус, Таджик. яз.)  2006.
  • Честь. (Перевод Турузбек Мадылбай.) 2015г.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]