Калыбеков Нурлан

Википедия дан

Калыбеков Нурлан – акын. Аксы районунун Аркыт айылында 1973-жылы 21-сентябрда туулган.

1988-жылы Аркыт 8 жылдык орто мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн.

1990–1992-жж. “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочу, “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.

Алгачкы ыры 1990-жылы “Ленин жолу” гезитине жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты. Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.

А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн.

Учурда чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесинин төрагасы болуп эмгектенет.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2018-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамдын ээси болду.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нур дүйнө: Ырлар. – Б.: ПКО Салам, 1995. – 48 б.

21: Ырлар жана поэма. – Б.: Техник, 1999. – 114 б.

Теңиринсан: Ырлар жана поэма. – Б.: Бийиктик, 2004. – 58 б.

Күнэл: Ырлар жана поэма. – Б.: Бийиктик, 2007. – 320 б. (жамааттык жыйнак).

Сыр жарык: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Б.: Бийиктик, 2010. – 178 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дервиш миров: Стихотворение и поэма. – Б.: Бийиктик 2002. – 88 с.

Азия, все мы твои дети: Стихотворение. – Б., 2000. – 320 с. (коллективный сборник)


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мукагали Макатаев Үч бакытым. – Б.: Элпек, 2000. – 48 б.

Магжан Жумабаев Теңир от. – Б.: Техник, 2002. – 58 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]