Калык Иманкулов

Википедия дан

Иманкулов Калык Айтыгулович - (18. 6. 1962ж. туулган, Бишкек) генерал-лейтенант (2002). Москва инженериялык-физика институтун (1985) бүтүргөн. 198588-ж. Кыргыз ССР ИАнын Физика институтунда улук инженер, кенже илимий кызматкер, 1990-91-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Фрунзе шаардык бөлүмүндө кенже оперуполномочен, оперуполномочен, 1991-92-ж. КРдин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде бөлүмдүн оперуполномочени, 1994-95-ж. КРдин Мамлекеттик бажы инспекциясында Бишкек бажыканасынын начальнигинин орун басары, «түндүк» темир жол бажыканасынын начальнигинин орун басары, Бажы контроль башкармалыгынын начальниги, 1999-2000-ж. КРдин Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун башкы кеңешчиси, биринчи орун басары, директору, 2001-05-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, төрагасы болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]