Калып

Википедия дан

Металл буюмдарынын үлгүсү, кеп. Ар бир устанын өзүнчө куйма калыбы болот. Элдик зергерчиликте, бул — буюм-тайымдарды көркөмдөөнүн өзүнчө бир ыкмасы. Ал — эритилген затты (күмүштү, колону, мисти, жезди) куюучу жатак. «Чоко» (Чоко топурак — бозомук, кызыл минералдык зат. Тоң районунун Кажы-Сай аймагында «Чопо-Булак» деген жерге усталар атайын барышып, казып алышкан) деп аталган чопо сымал топуракты күл майдалап, анан торко электен өткөрөт. Ага жүндү, тыбытты жана кылтакты кошуп, аябай ийлейт. Ийлөөсү жеткенде чөйчөкчө кылып кургатат. Ал идишке зергерлер жердикти эритишип, ага каалагандай оюм-чийимди түшүрүп алышкан. Эми эритиндини калыпка куюу үчүн эритинди затты эритүүчү чөйчөкчөсүнө салып, тапка кармаганда ал бат эле көлкүлдөй түшөт. Ошол көк жашыл түс чыккан күмүштүн, жездин үстүнө ак данакерди себет. Эритинди бир аздан кийин кара күрөң түскө айланат. Мында бөлүнүп чыккан ыпыласы үстүнө калкыйт. Эритиндинин температурасы өзгөрүлө электе калыпка тез куюу зарыл. Антпесе, калыптын ичине аба боштугу пайда болсо, чуңкурчалар чыгып, куюлуучу көркөмдүк сыйда түшпөйт. Ошондо эритиндинин үстүндөгү ыплас калдык чөйчөктүн бетине жабышып калат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)