Калыптоо материалдары

Википедия дан

Калыптоо материалдары — ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материалдар. Баштапкы калыптоо материалдары жана калыптоо аралашмасы болуп айырмаланат. Баштапкы калыптоо материалдары калыптоо жана стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. Калыптоо материалдары толтуруучу, байланыштыруучу жана жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруучу калыптоо материалдары менена өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мисалы, хромит) жана атайын материалдар (мисалы, чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц кумунун негизин өрткө чыдамдуу (1710QC) жана катуулугу 5,5 — 7 (Моос шкаласы боюнча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, чопо калыптоо материалдары деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу жа майдасы чоюн жана болот куюлмаларында, өтө майдалары — жука чоюн жана болот, ошондой эле түстүү аралашмаларды куюуда колдонулат. Кошумча материалдар менен куйма кошулманын сапатын жогорулатып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]