Калып:Портал:Инсандар/Тандалган инсан

Википедия дан
Карл Маркс

Карл Маркс (1818—1883) — немец философу, марксизмди негиздөөчү. Германияда, Трирде туулган. Бонн университетинде укукту окуп-үйрөнөт, кийин Берлинге которулат да, ал жерде философияны окуп-үйрөнө баштайт. Докторлук диссертациясын 1841-жылы коргогондон кийин журналистика жагында эмгектенип, саясый жана социалдык маселелер боюнча макалаларды жарыялайт. 1842-жылы Рейн газетасынын редактору болот, бирок прусс өкмөтү газетага тыюу салгандан кийин жаш аялы менен Парижге келип, Немец-француз бир жылдыгынын редактору болуп иштейт. 1849-жылы Лондонго көчүп келишет да, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин жашайт. Бул мезгил оор материалдык турмуш абалына жана эки баласынын ымыркай курагында чарчап калгандыгына байланыштуу Маркстын өмүрүндөгү оор мезгил болгон.

(Калганын окуу…)