Калып машинасы

Википедия дан

Калып машинасы - эритилген металл куюлуучу калыпты даярдоодо жасалуучу аралашманы ныктоо, куюлган буюмду (моделди) калыптан чыгаруу жумуштарын механикалаштыруучу машина.

Калып машинасы металлды куюудагы оор жумуштарды механикалаштырып, куюу жолу менен даярдалган нерсенин бекем (бышык), бирдей тыгыз жана өлчөмү так алынышына мүмкүндүк берет. Калып машинасы менен кол, пресс ж. б. менен ныктоо ыкмалары бар. Куюлган нерсени калыптан чыгаруу ыкмасы боюнча Калып машинасы штифт менен көтөрүп ажыратуучу, калыпты төмөн түшүрүп ажыратуучу, аңтарып ажыратуучу болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.