Калыс добуш

Википедия дан

Калыс добуш - Парламенттерде же болбосо конференция менен жыйындарда кандайдыр бир чечимди чыгаруу үчүн добуш берилгенде позитивдүү да, негативдүү да болбогон добуш.

Калыс добуш жыйынтыкка таасир бере албайт жана добуш берүүчүнүн эки анжы ойдо экендигин билдирет. Улуттук Кеңешмеде купуя добуш берүү жүргүзүлгөндө депутаттарга ак, жашыл жана кызыл түстөгү тегерекчелер бир- бирден берилет. Бул тегерекчелердин добуш берүү үчүн колдонулган бирөөсү атайын белгиленген жерге ташталат. Калган экөө өзүнчө көрсөтүлгөн жерге ташталат.

Парламенттерде жашыл тегерекче «калыс добушту» билдирүү үчүн колдонулат жана чечимдин чыгышына таасир бербейт. БУУда да калыс добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар. Коопсуздук Кеңешинин чечимдери үчүн 5 туруктуу мүчө өлкөлөр негативдүү болбогон добуштарды бериши керек. Эгер алардын бири каршы добуш берсе анда чечимдин чыгышына «вето» коюлган болот. Ошондуктан алар каршы добуш бербей калыс добуш беришет. Бул учурда чечимдерге «вето» коюлбайт жана калыс добуш чечимдин чыгышына жолтоо болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9