Калың

Википедия дан

Калың – үйлөнүү үлпөтүндө колдонулуучу ырым. Калың никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта калың катары жамбы төлөшкөн. Мал менен төлөгөндө тогуздап эсептелген. Калың төлөөдө коомдогу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Себеби, калыңды толук бойдон өз убагында оокаттуу, мал-жандуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр калыңды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт боюнча кудалашууда бычылган калың толугу менен же бөлүк-бөлүк болуп төлөнгөн. Калың төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлө башталган. Калың төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруктун жалпы иши болгон. Аны урукташтар чогуу көтөргөн. Калың кыздын атасына гана эмес, уругуна төлөнгөн. Кийинчээрек мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.