Калың, сеп

Википедия дан

Эстеп алып эсил кайран энеми,
Эл-журтумдун кулдукурам салтына.

Калчоро Көкүлов

Элде «калыӊсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» деген сөз бар. Демек, кудалар кандай түрдө кудалашса да (бел куда, бешик куда, сөйкө салуу, жуучу жиберүү ж.б.) колунда барына жараша калыӊ каадасы болгон. Калыӊдын өлчөмүн кудалар өз ара бычып, макулдашкан. Калыӊдын негизги максаты - жаңы үй-бүлөнүн ата-энеден бөлүнүп, өз алдынча түтүн булатышына шарт түзүү, күнүмдүк жашоого зарыл болгон буюмдар менен камсыз кылып, өзүнчө үй (өргө) көтөрүп, аларды бөлүү. Калыӊ ушул үчүн берилип, ал сеп даярдаганга кошумча болгон (калыӊ берип кызды сатып алуу деген совет учурунда бурмаланган түшүнүк).

Сеп - күйөөгө кеткен кызга ата-энеси берүүчү колго жасалган көркөм буюмдардын жыйнагы. Кыздын барган жери жаңы келиндин уздугун, ишмердигин себинен эле баамдашкан. Анткени, сеп даярдоонун эң башкы максаты - кызды тестиер кезинен эле өз себин өзү камдоого даярдоо менен узчулукка үйрөтүү. Кыз энесинен, эжесинен, жеңелеринен, айылдагы чеберлерден сайма саюу, шырдак шыруу, чий чырмоо, курак куроо, килем токуу сыяктуу элдик өнөрдүн сырларын үйрөнгөн. Демек, сеп даярдоо өзүнчө эле узчулуктун мектебинен өтүү бол¬гон. Келиндин чоркок чыгышы энени, ал түгүл бүтүндөй айылды жер караткан.

Ырас, жаш жубайлар өз алдыларынча турмуштарын улап кетүү үчүн башка жыгач-таш, эмеректерди да беришет, ошентсе да сеп даярдоого кыздын өзүн катыштырып, ата-бабалардан калган таберик буюмдарды жасоонун учугун улоо салтын унутпашыбыз керек.

Кызды ата-энеси күйөөгө узатууда кыз-күйөөсүнө арналган ак өргөөсүн тигип, ичин сепке толтуруп, кудалар ошол өргөөдөн даам сызып, жаш жубайларга бата берип узаткан. Кыз оюн бо¬луп, ал кээде 40 күнгө чейин созулган.

Кыз узатуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кагылайын, кызыке!

Алганыңа ынак бол.

Жарык кылаар күүгүмдү,
Жанып турган чырак бол.

Сүйүнбай Эралиев

Эки тараптын тең камылгасы бүтүп, болжошкон күнү куда¬лар бүлөсүн алып кетиш үчүн кулдук уруп түшөт. Алар конок үйгө киришет. Күйөө бала жоро-жолдоштору менен бир аз артта келет. Күйөө бала өзүнчө көтөрүлгөн ак өргөөгө киргизилет. Кыйладан кийин гана кызды жеңелери жана курбу-курдаштары алып келет. Колукту үйгө биринчи кирет. Ал киргенде олтурган жигиттер ордуларынан туруп, колдорун бооруна алып жүгүнүшөт. Кыздар колуктуну коштоп көшөгөгө киргизишет. Көшөгөнүн ичинен алар күйөө баланы сынашат. Күйөө баланы даана көрүш үчүн көшөгөнүн узун тигиштеринин айрым жерлери тигилбей калтырылат. Андан кийин колуктуну жеңеси күйөөнүн жанына катарлаш отургузат. Бирок, алар ыйбаа кылып, жанаша отурушса да сүйлөшө албайт. Жигиттер жана кыз-келиндер кайым-айтыш ырларын ырдашып, курч тамашага өтүшөт, ошондой эле өздөрү жактырып же көзү түшүп калган адамына болгон сезимдерин ыр менен билдиришет, ага жагынууга аракеттенишет. Мындай тойдо чанда гана жигит жеңелерин ортого салып атып, жактырган кызын өбүү бактысына ээ болгон. Мында сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырлары өзгөчө ырдалган. Кыз узатуу шаан-шөкөтү аяктап калган мезгилде ошол эле ак өргөөдө кыз оюну башталган.

Кыз оюн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыз оюнга ырчы, шайыр, 12 жаштан өткөн боз уландар менен кыздар, жаш келиндер катышат. Жигиттер боз үйдүн эр жагынан, кыздар, келиндер эпчи жагынан орун алышат. Адатта оюнду шакылдаган шайыр келин башкарат. Күйөө жолдош (ал жалпы адат боюнча ырчы, шайыр жигит болушу керек) белине курчалган курун токмок кылып эшет да, аны башкаруучу келинге берет. Келин аны топтошуп отурган кыз-келиндердин арасына таштайт. Алардын бирөө токмокту катып алат. Ошондо күйөө жолдош ордунан туруп: Ай он бештен тоголду,

Айкашып ойноп жатканда,
Менин токмогум кайда жоголду?
Ак жамгыр жаабай ным болду,
Айкашып ойноп жатканда
Токмогумду алган ким болду?
Көк жамгыр жаабай ным болду,
Көйкөлүп ойноп жатканда,
Токмогумду алган ким болду?
Жылкы ичинде куландар,
Оюнга келген уландар
Силер алдыңарбы токмокту ?
Токмогум башы томолок,
Айткылачы курдаштар
Токмогум кайда жоголот?

Токмогума күйүүчү,
Токмогум алган келинге
Тогуз жоолук сүйүнчү! - деп күйөө жолдош безеленип ырдап, эңкейип далысын тосот. Ошондо токмокту катып алган кыз же келин ордунан туруп келип, күйөө жолдошту 9 жолу далыга чаап, анан ага токмокту берет. Күйөө жолдош жигит:
Калпагымды кырдадым,

Бул ырымды кыз-күйөө үчүн ырдадым, - деп алгач кыз менен күйөөнү, андан кийин дагы ырдап каалагандарын жар көрүштүрөт. Токмокту оюн башкаруучу алып, аны кыз-келиндерге берет. Алар кезек менен улам бири токмокту алып, жигиттерге токмок салат. Ким токмок салса, ошол жигит туруп ырдайт же токмок салган кыз же келин менен жар көрүшөт. Бул элде «Жар-жар» деп да айтьшат. Анткени, ар бир саптын аягы «жар-жар» деген сөз менен аяктайт. Аны кээде өзүнчө обон ме¬нен жалгыз киши ырдаса, кээде алым-сабак түрүндө ырдалат. Мында кыз менен төркүндөрүнүн коштошуу, узап жаткан кызга бак-таалай, ырыс-кешик каалоо мотивдери болот.

Оюн ушул тартипте үйдө, ай чыккандан кийин эшикте улантылып, алты бакандан селкинчек курулуп, жигиттер менен кыздар кезектешип тебишет. Оюн сармерден, шакек салмай, ак чөлмөк, дүмпүлдөк, бут басмай, жоолук таштамай, жолдош сурамай ж.б. оюндар, ыр-күү менен коштолгон. Оюндун максаты - күйөө баланын акылын, нарктуулугун, чечендигин, адептүүлүгүн, айтор бардык жигиттик сапаттарын баамдап, сындан өткөрүү болгон. Оюн аяктагандан кийин кыз чоңойгон айылдын аксакалдары кыз-күйөөгө баталарын беришкен. Той аяктап калган мезгилде кыз жеңелеринин, синдилеринин коштоосу менен өзү төрөлүп-өскөн айылды түтүнмө-түтүн кыдырып коштошкон. Энелери, эжелери, жеңелери насааттарын айтып, белектерин, баталарын беришкен. Кыздын кийим-кечесин, буюмдарын кооздолгон сандыкка же жагданга салышкан. Кыз аттанаарда чүмкөп коюп кыңшылаткан. Чоң энеси, энеси, жеңелери кошок кошкон.

Кыз узатуудагы кошок айтуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыз баланы кыргыздар өтө сыйлаган, төргө өткөзгөн. Атка учкаштырган эмес, ээрге мингизген. Кыз баланы мейман, бөлөк үй-бүлөнүн мүчөсү деп катуу сөз айтпаган. Кызды күйөөгө узатууда чоң энеси, энеси, эже-жеңелери, сиӊди, курдаштары өздөрүнүн тарбиялык маанидеги каалоо-тилектерин, насааттарын кошок түрүндө айтышкан. Бул бир чети кыз өзү туулуп-өскөн үйүнөн биротоло башка үйгө бүлө болуп кетип жатканына байланыштуу болсо, экинчиден калайык-калктын көзүнчө айтылган акыл-насаат, кеп-кеңеш, каалоо-тилек болгон, барган жеринде адептүү, чыйрак болууга, күйөөсү, кайната-кайненеси, абысын-ажындары менен ынтымактуу жашоого үндөгөн чакырык болгон. Бул ошондой эле бир чети кыз менен коштошуу арманы болсо, экинчиден күйөөсүнө, кайындарына кийинки тагдыр-тарбиясын табыштаган идеялары да сиӊдирилген. Барган жери туулган үйүндөгүдөй болбосун, ошондуктан аны тарбиялап алууну эскерткен. Бул улуу сөздөр жаш колуктунун эсинен кетпей, жаңы барган жеринде адептүү болууга, аларга тез аралашып кетүүгө көмөк берген.
Мисалы, Каймактай таттуу булак бол,
Кызыке, кайненең менен ынак бол.
Күрпулдөп аккан булак бол,
Кызыке, куйөөң менен ынак бол!
Кээде кыздын жеңелери кыздын начар жактарын да чымчып айткан. Эстүү кыз ошол замат жаман адаттарын таштоого аракеттенген. Бул адабий жанр катары «Көрүшүү ырлары» деп да аталат.
Андан кийин кызды үртүктөлгөн атка мингизишкен. Кыз аттанаарда жеңелери кыздын такыясын же тебетейин алып сиӊдисине кийгизип, ал эми узап жаткан кызына шөкүлө кийгизип узатышкан. Кыз кайындарына шөкүлөчөн түшкөн. Шөкүлөнү кийин сиӊдисине берип жиберген.
Кийинки мезгилде учурга жараша кыз узатуудагы салттарда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Алсак тойлор ресторан, кафелерде өткөрүлүп, кыз жасалгаланган машина менен узайт. Бирок, кандай болсо да түпкү мааниси мурункудай эле.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.