Кальдерон де ла Барка, Педро

Википедия дан

Кальдерон де ла Барка, Педро (17. 1. 1600-25. 5. 1681) - испан драматургу.

Алькала-де-Энарес жана Саламанк университеттеринен окуган.

1619-жылдан пьеса жаза баштаган. Ал - философия жана этикалык маселелерди которгон «Туруктуу канзада» (1628-29),«Өмүр дегенибиз -түш» (1631-32), «Өзүмө өзүм сакчымын» (1636) ж. б. драмалардын автору.

«Саламейдик сот» (1640-45) пьесасында Испанияда өкүм сүргөн законсуздуктун бетин ачкан. Пьесаларына негизинен социалдык мотивдер мүнөздүү. Кальдерон де ла Б. өмүрүнүн акыркы жылдарында шаан-шөкөттүү сарай тойлоруна арнап ыр, бий аралаш пьесалар жазган. Анын «Крестке сыйынуу» (1630-32), «Ыйык Патриктин актанчу жайы» (1634) драмалары сыяктуу диний чыгармалары да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.