Калькулятор

Википедия дан

Калькулятор (латынча саlculator — эсептегич) — эсептөө жүргүзүүчү түзүлүш. Азыркы учурда баскыч топ (клавиша) аркылуу киргизүүчү ЭЭМдин ичинен кеңири тараганы. Өлчөмү эң кичине, чөнтөккө же баштыкка салып жүрмөсү — микрокалькулятор. Микрокалькулятордун бардык моделдери сан жана командаларды киргизме — чыгарма жана арифметикалык түзүлүштөрдөн, азыктандыруучу блоктон турат. Эсептөө мүмкүнчүлүгү боюнча микрокалькулятор үч типке бөлүнөт; 1) жөнөкөй микрокалькулятор арифметикалык төрт амалды аткарат, квадраттык тамыр чыгарат, процент табат, ал эми айрым моделдеринде алынган жыйынтыктарды эсине сактоо мүмкүнчүлүктөрү каралган. Эске жазылган сандарды баскыч топтогу тиешелүү кнопканы басуу менен таап алууга болот; 2) инженердик микрокалькуляторлор илимий-техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган, аны менен тригонометрия, даража, көрсөткүчтүү, логарифм жана башка функцияларды эсептөөнү камтыган кыйла татаал эсептөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Мындай микрокалькуляторлордо сандын факториалын (n!) табуу, радиандык ченден градустук ченге жана тескерисинче градустук ченден радиандык ченге өтүү жана башка амалдар каралган; 3) программалануучу микрокалькулятор — бул кыйла өркүндөтүлгөн түрү, жогорку экөөндө каралган бардык амалдарды ичине камтыйт. Эсептөө жүргүзүүдө шарттуу белгилөөлөр менен анын программасы түзүлөт жана ал клавишадан терилип, микрокалькулятордун эсине киргизилет. Киргизилген программа автоматтык түрдө аткарылат. Ар типтеги микрокалькулятордо командалар саны ар башка болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]