Кальций гидроксиди

Википедия дан

Кальций гидроксиди, өчүрүлгөн акиташ, Са(ОН)2, – күчтүү негиз, ак түстөгү кристалл. Тыгызд. 2,24 г/см3. Ысытканда суу бөлүп чыгарып, кальций оксидине айланат. Кальций оксидине сууну таасир этүүдөн алынат: СаО+H2O= Са (ОН)2. Каныккан эритмеси акиташ суусу деп аталат. Абадан СО2 сиңирип да, кальций карбонатын пайда кылат. Ал к-талар, туздар жана к-талык оксиддер менен реакцияга кирет.

Са (ОН)2 + 2 HCl = СаCl2+ 2 H2 O

Са (ОН)2 + СО2 = Са СО3+ H2 O жана башка

Акиташ суусунун кум менен аралашмасы акиташ эритмеси деп аталып курулуш ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]