Кальций сульфаты

Википедия дан

Кальций сульфаты, СаSO4. Жаратылышта көбүнчө гипс – СаSO4· 2 Н2 О түрүндө кездешет. 150-1700С ысытканда кристаллдык суусу ажырап, күйгөн гипске – СаSO4 өтөт. Бул зат ак түстөгү кристалл, тыгызд. 2,5 г/см3 барабар. Балкып эрүү t 1420оС, 900оС ажырап СаО жана SO2 пайда кылат. Күйгөн гипс бат эле сууну өзүнө тартып алып СаSO4 · H2O айланат. Гипс катып калуу касиетине ээ болгондуктан, аны негизинен курулуш иштеринде, медицинада (хирургияда) гипстеп таңууда, скульптура жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]