Кальций цианамиди

Википедия дан

Кальций цианамиди, СаСN2 – түссүз кристалл, сууда жана спиртте начар эрийт. Тыгызд. 2,29 г/см3. Эрүү t 1340оС. Ал кальций карбидине азотту таасир этүүдөн алынат: СаС2 + N2 = СаСN 2+C. Курамында азот саны 18,5-20 % кем болбош керек. Бул затты өндүрүштө карбидден алуу 1905-ж. башталган жана биринчи дүйнөлүк согуштан кийин аммиакты алуу үчүн колдонгон.

СаСN2 + 3Н2О= СаСО3+ 2 NН3

О. эле азот к-тасын, циандуу бирикмелерди алуу үчүн жана пахта жалбырагын түшүрүү үчүн пайдаланылат. Мындан тышкары циандык бирикмелер болуп эсептелген гуанидин, нитрогуанид жана меламин алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]