Камакка алуу

Википедия дан

Камакка алуу – КР кылмыш-жаза процесстеги чектөө чараларынын бир түрү; мыйзам боюнча 3 жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратыла турган күнөөлөнүүчүлөргө көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун атайын улуксаты берилген тергөөчү менен прокурордун токтому боюнча колдонулат. Ал эми өзгөчө учурларда, мындай чара мыйзам боюнча 1 жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза колдонуу каралган кылмыш иштери боюнча да колдонулушу мүмкүн. Тергөөчүнүн айыпталуучуга карата К. а. түрүндө чектөө чарасын тандап алуу жөнүндөгү өтүнмөсү милдеттүү түрдө сот ишинде катышкан жактоочунун катышуусу менен, прокурор тарабынан каралат. Кылмыш ишин иликтөө учурунда К. а. түрүндө чектөө чарасы тергөөчү тарабынан 2 айга чейинки мөөнөткө тандалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]