Камалов, Абдимитал
Камалов, Абдимитал - жазуучу, сынчы. Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн Кожоке кыштагында 1940-жылы 4-майда туулган. 1964-жылы Фрунзедеги Кыргызстан мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Араван районундагы Андреев атындагы сегиз жылдык мектепте кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун окуу-тарбиялык иштери боюнча орунбасары, 1965-жылдан Ноокат райондук «Колхозчу» гезитинде, 1966-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеп, 1973-жылдан Ош облустук телерадиокомитетинде иштөөгө которулган. Радио боюнча кабарчы, улук редактор, теле боюнча редактор, улук редактор, 1991–1992-жж. Телерадиокомитетинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу, андан соң облустук телерадиокомпаниясында «Акбуура» адабий драмалык көңүл ачуучу борборунун продюссери болгон, 1999-жылдын 8-июлунан Жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн башчысынын орунбасарлык милдетин аткарат.
А.Камаловдун адабий чыгармачылык жолу 1958-жылдан башталып, анын биринчи «Ата Ленин» деген ыры Ноокат райондук «Колхозчу» гезитинде жарыяланган.
1961-жылы «Ленинчил жаш» гезитине «Адам болгум келет» деген рецензиясы жарыяланып, сын, поэзия, проза жанрларында тең иштеп, биринчи аңгемелер жыйнагы «Дарман» (1972) деген ат менен жарык көргөн.
1993-жылы республикалык Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын 2 жолку лауреаты, 1996-жылы Президенттик стипендиат болуп, 1994-жылы «Эл агартуунун отличниги» деген наам алган.
А.Камалов 1981-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дарман: Аңгемелер. – Ф., 1972. – 106 б.
Бакыт сереси: Даректүү баян. – Ф., 1979. – 108 б.
Азиреттин көздөрү: Аңгемелер. – Ф., 1979. – 202 б.
Көңүл: Аңгемелер, повесть. – Ф., 1980 – 250 б.
Баскан жолду арбытат..: Очерктер жыйнагы. – Ф., 1983. – 216 б.
Бешик ыры: Повесть. – Ф., 1987. – 300 б.
Таңдайга атылган ок: Повесттер. – Ош, 1995. – 124 б.
Атанын уулу: Аңгемелер. – Ош, 2001.
Кечки жомок: Аңгемелер. – Ош, 2002.
Ыр кашык: Ырлар. – Ош, 2005.
Дилазык: Ырлар, аңгемелер. – Б.: Бийиктик, 2006.
Чынчыл сындын сырттаны: Адабий сын. – Б.: Бийиктик, 2007.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6