Каман мөңгүсү

Википедия дан

Каман мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Кызыл-Суунун алабында. Узундугу 12 км, аянты 27 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6700 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун сол куймасы Каман-Суу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]