Каман (доңуз)

Википедия дан
Sus scrofa domesticus.

Каман (доңуз) (лат. Sus, L. 1758) — чочколор тукумунун уруусу. Анын 3 түрү (каман, сакалчан чочко, кидик чочко) белгилүү. Камандын (жапайы чочко) узундугу 2 мге, салмагы 300 кгга жетет. Астыңкы жана үстүңкү кылкайма тиштери чоң (айрыкча эркегиники), ууртунан чыгып, жогору кайрылып турат. Денеси кылчык жүндүү, кышкысын кылчык жүнүнүн түбү жумшак жүн менен капталат. Чоң каман күрөң түстө, торопою агыш, узата ак темгилдүү. Түндүк Африка, Европа, Азия, Балтика бою, Беларуссия, Украина, Борбордук Азия жана башка жерлерде, көбүнчө токойлордо кездешет. Кыргызстанда Сары-Челек, Арстанбапта көп жолугат. Өсүмдүк тамыры, жапайы алма, доңуз жаңгак, чөп жана башка менен азыктанат. Негизинен топтошуп, эркеги куут мезгилине чейин жалгыз жашайт. Кууту ноябрь — январда жүрөт, мартмай айында ургаачысы 4—6 торопой тууйт. Эти тамак-ашка, териси булгаары жасоо үчүн колдонулат. К-дан үй чочкосу келип чыккан. Кидик чочко ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]