Камбаркан (Камбар)

Википедия дан

Камбаркан (Камбар)"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Көкчөнүн чоң атасы. Көп учурларда Айдаркандын атасы экени, кан болгондугу гана айтылат: "Камбардын туун аштады, Жүз элүү миң кол алып, Айдаркан жолду баштады" (Сагымбай Орозбаков, 2. 95). Манасты кан көтөргөндөгү эпизоддо гана атын союп бербей койгон небереси Көкчөнү жемелеп, бир тайды аяп кандыкты Манаска алдырып жибердиң, — дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 98, 163, 210, 218, 256, 287; 2. 14, 16, 39, 95).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4