Камбарова, Нурания

Википедия дан

Нурания Камбарова – жазуучу. Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында 1942-жылы туулган. 1966-ж. В.И.Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университетин аяктап, редактор-журналист адистигине ээ болгон.

1966–1976-жж. Каракалпак АССРинин Нукус шаарындагы «Каракалпакстан» басмасында көркөм жана балдар адабияты бөлүмүндө кенже редактор, андан кийин ушул эле бөлүмдө редактор, 1976–1977-жж. Өзбекстан Компартиясынын партия обкомунун жалпы бөлүмүндө нускоочу болуп иштейт.

Ташкент шаарынын журналдарында жана гезиттеринде аңгемелери, очерктери, кыскача макалалары, чакан чыгармалары жарыяланып турган.

Анын «Калдиргоч» деген биринчи китеби 1968-жылы Нукус шаарында жарык көргөн. Андан кийин Орто Азия республикаларынын мезгилдүү басылмаларында аңгемелери жарыялана баштаган.

1994-жылы «Үмүтүм менин Ата журт» деген китеби жарык көрүп, анда анын «Турдугүл» деген аңгемеси басылып чыккан.

1997-жылы Бишкекте Н.Камбарованын «Арашан» деген китеби М.Ааматовдун которуусунда жарык көргөн.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карлыгач: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1975. – 72 б.

Сыр-Дарья кылаасы: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1970.

Арашан повести. – 1996. 96 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ожидание лета. – Союз писателей КР. 152 с.

Сборник рассказов. – 2008.


Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карлыгаш. – «Каракалпакстан», 1968. – өзбек.

Кешир Бүбүгүл. – «Каракалпакстан», 1974. – каракалпак

Гулнар. Для детей среднего и школьного возраста. – Каракалпакстан, 1974.

Кэчур Робикул. – Алма–Ата: Жазушы, 1980. – уйгур.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]