Камбата (эл)

Википедия дан

КАМБАТАЭфиопиянын түштүгүндө жашаган кушит эли.
Жалпы саны 630 миң адам (2007). Камбата элине тамбаро этносу өтө жакын.

Тил

Камбата тилинде сүйлөшөт.

Дин

Көпчүлүк монофизиттик христиандар. Жергиликтүү салттуу ишенимдер (рухтарга жана асман кудайына сыйынуу) сакталып калган.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — айдоо жана кол менен иштетилген жер чарба (теф, таруу, сорго, буудай, буурчак өсүмдүктөрү) жана малчылык.

Турак жай

Турак-жайлар план боюнча тегерек, бутактан жасалган, саман менен жабылган.

Кийим

Жалпы эфиопиялык типтеги кийимдерди кийишет.

Тамак-аш

Тамак-аш — ботколор, соустар. Суусундуктар — дан сырасы, кофе.

Коом

Уруулук бөлүнүү, жыныстык жана жаштык топтор, касталар сакталып калган. Үй-бүлөлөрү кичинекей. Туугандык эсеп аталык.
Камбата элинин ар бир бешинчи өкүлү шаарларда жашайт (Хосейна, Ирг-Алем ж.б.).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]