Камерон Диас

Википедия дан

Камерон Мишел Диас (англ. Cameron Diaz;1972-жылдын 30-апрелинде туулган) - америкалык актриса, продюсер жана мурунку модель. Актрисага “Маска” (англ. The Mask, 1994), “Эң жакын досумдун үйлөнүү тою” (англ. My Best Friend's Wedding, 1997) жана “Мэри тууралуу бир нерсе” (англ. There's Something About Mary, 1998) тасмаларындагы ролдору атак-даңк алып келген. К. Диас “Шрек” (англ. Shrek, 2001–10) тасмасынде Фионанын үнүн коштогон. Актрисаны “Чарлинин периштелери” (англ. Charlie's Angels, 2000) жана ушул тасманын бир бөлүгү болгон “ Толтурулган газ”( англ.Charlie's Angels: Full Throttle, 2003), “Татына” ( англ.The Sweetest Thing, 2002), “Элдешкис эже-сиңди” ( In Her Shoes, 2005), “Өргүү” (англ. The Holiday, 2006), “Лас-Вегастагы окуя” (англ. What Happens In Vegas, 2008), “Менин эжемдин колдоочусу” (англ. My Sister's Keeper, 2009), “Мырза” (англ. Knight and Day, 2010), “Жашыл аары” (англ. The Green Hornet, 2011), “Жаман мугалим” (англ. Bad Teacher, 2011), “Кош бойлуу кезде эмнени күтүү керек”(англ. What to Expect When You're Expecting, 2012), “Кеңешчи” (англ. The Counselor, 2013), “Башка аял” (англ. The Other Woman, 2014), “Чоңдор үчүн тасма” (англ. Sex Tape, 2014) жана “Энни (англ. Annie, 2014) тасмаларындагы ролдору ийгилик коштогон.

К. Диаска “Алтын глобус” сыйлыгынын төрт номинациясы “Жон Малкович болуу” (англ. Being John Malkovich, 1999), “Ванилдүү асман” (англ. Vanilla Sky, 2001), “Нү-Йорк_бандалары” (англ. Gangs of New York, 2002), “Мэри тууралуу бир нерсе” (англ. There's Something About Mary, 1998) деген тасмалардаги ролдору үчүн ыйгарылган. Актриса “Мэри тууралуу бир нерсе” ( англ. There's Something About Mary, 1998) тасмасы үчүн Америка Кино сынчылар коомунун сыйлыгынын “Эң мыкты актриса” номинациясын утуп алган. 2013-жылы К. Диас Голливуддагы жашы 40тан жогору кирешеси эң көп актриса деп таанылган. 2015-жылы америкалык кино прокатта актрисанын тасмалари үч миллиард АКШ долларынан ашык киреше алып келген, ал эми дүйнөлүк масштабда бул сандык көрсөткүч жети миллиардды түзгөн жана К.Диас АКШдагы Скарлетт Йохансон (Scarlett Johansson) жана Эмма Уотсондон (Emma Watson) кийинки кирешеси эң көп үчүнчү актриса деп аталган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]