Камертон

Википедия дан

Камертон (немисче kammer — бөлмө, тон — добуш) — дирилдек учтары добуш чыгара турган ийме жаактуу металл. Камертон музыкалык аспаптарды күүгө келтирүүдө жана ырдоодо үн бийиктигинин эталону катары кызмат кылат. Камертон көбүнчө 1-октаванын «ля» нотасында колдонулат. Ырчылар менен хор дирижёрлору 2-октаванын «до» нотасында да пайдаланышат. 1858-жылы Париж ИА 435 Гц жыштык камертонду сунуш кылган. 1885-жылы Венада өткөн Эл аралык конференцияда бул жыштык добуштун эл аралык эталону катары кабыл алынган. Кыргызстанда 1936-жылдын 1январынан камертондун 440 Гц жыштыктагы үлгүсү колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]