Камилова Малика

Википедия дан

Камилова Малика - жазуучу жана акын. Ош шаарында 1948-жылы 25-майда туулган.

Ал 44 жылдан бери жаш муундарга билим жана тарбия берип, 1986–2003-жж. Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун өзбек тил жана адабият каанасынын башчысы болуп иштеген.

Ырлары, поэмалары, аңгемелери, очерктери, рецензиялары, новеллалары, макалалары гезиттерде, альмахтарда, журналдарда жарыяланган. “Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги”, “Эмгек ардагери” төш белгилеринин ээси.

1995-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзбек тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киркок ва Кирк пайнок: Ырлар. – Ташкент, «Чулпон» нашриети, 1990. – 25 б.

Минг асрлик туш: Ырлар. – Ош облустук типографиясы, 1996. – 35 б.

Сажда: Ырлар. – Ташкент, 1997. – 60 б.

Келинчак: Ырлар, дастан. – Ош облустук типографиясы, 2001. – 52 б.

Ерилтош: Ырлар, дастан. – Ош облустук типографиясы, 2003. – 48 б.

Висол: – Ош: Облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту, 1997. – 34 б.

Алла: Дастан, ырлар. – Ош: “Жети түс» фирмасы, 2002. – 32 б.

Арманли дуйна: Дастан. – Ош: “Журналист» ЖЧКсы, 2006. – 30 б.

Захмат дурлари: Ырлар, дастан. – Ош: Журналист, 2007. – 102 б.

Яхшиликка бахшида умр: дастан. – Ош: Журналист, 2007.

Чашмарлардан узатилган сув. – Ош облустук типографиясы, 2001. – 28 б.

Таазим: Ырлар жана дастан. – Ош: Журналист, 2009. – 47 б.

Шукрана: Дастандар. – Ош: «Кагаз ресурстары” ЖЧКсы, 2009. – 308 б.

Укитиннинг Янги усуллари: Алдыңкы тажрыйбалар. – Ош облустук типографиясы, 1990. – 15 б.

Маслакдош. – Ош: «Союзтехника» полиграфиясы, 2003. – 32 б.

V-Х1 синфларга Диктантлар туплами. – Ош облустук типографиясы, 2001. – 103 б.

Иншо ва тахлил: Рекомендациялар. – Ош, Алгоритм, 2003. – 18 б.

Хурматга лойик методист: Новелла – Ош облустук типографиясы, 1990. – 7 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]