Кампа документи

Википедия дан

Кампа документи – кампада сактоо келишиминин түзүлгөнүн жана товардын кампада сактоого алынганын күбөлөндүрүүчү документ. Товар кампасы товарлар кампага сакталганын бышыктоо үчүн төмөндөгү кампа документтеринин бирин берет: экилтик кампа күбөлөндүрмөсүн; жөнөкөй кампа күбөлөндүрмөсүн; кампа дүмүрчөгүн. Экилтик кампа күбөлөндүрмөсүнүн 2 бөлүгү тең жана жөнөкөй кампа күбөлөндүрмөсү баалуу кагаз болуп саналат. Экилтик жана жөнөкөй кампа күбөлөндүрмөлөрү күрөө буюму боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]