Кампу-гранди

Википедия дан
Кампу-гранди.

Кампу-грандиБразилиядагы шаар. МотуГросу штатынын административдик борбору. Калкы 791,2 миң (2008). К.-Г. аркылуу федерациялык үч автотрасса (Парагвай, Боливия жана Уругвайдын чек арасы аркылуу) өтөт. Эл аралык аэропорту бар.

1870-жылы негизделген. Носа-Сеньора-да-Абадия собору, Сан-Бенедиту чиркөөсү, ратуша жана университеттер (анын ичинен католик, федерация жана башка), музейлер бар. Тамак-аш (эт жана аны тоңдуруп сактоо), курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Шаарга жакын эл аралык маанидеги автодром жана картодром бар. Кампу-Грандиден Пантаналга (коргоого алынган табигый аймак; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир нече туристтик маршрут кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]