Камфора

Википедия дан

Камфора (камфора; камфанон-2; 1,7,7-триметилбицикло -(2,2,1) – гептанон-2), С10Н16О – терпендер катарындагы кетон. Мүнөздүү жыты бар, түссүз кристалл. К. эки оптикалык активдүү формада кездешет. Табиятта кездешкени (+) К.- жеңил бууланат; балкып эрүү t 178,5-179,5оС, кайноо t 207,4-209,1о С; [a] 20D +41,4о (абсолют спирттеги 1% эритмеси); орг. эриткичтерде эрийт, сууда начар эрийт (0,1 %); от алуу темп-расы 500С. Азот к-тасы менен окистенгенде К. к-тасы С10Н16О4, камфанон к-тасы С9Н14О3 жана камфарон к-тасы С9Н14О6 пайда болот. К. КОН менен ысытканда камфаль, изокамфаль к-таларынын аралашмасы алынат. PCl5 жана PI5 таасир этүү менен ысытканда n-цимолго айланат. Эгерде реакцияны белгиленген шартта туура жүргүзсө, 2,2-дихлор камфан пайда болуп, ал 2,4-дихлоркамфанга айланат (Камфендик кайра топтоштуруу). Br2 таасир кылганда a-бромкамфора (балкып эрүү t 76оС, ал эми Cl2 менен a-хлоркамфораны (балкып эрүү t 95оС) пайда кылат. К. майдаланган Pt менен уксус к-тасында гидрирлегенде 90 % изоборнеол жана 10 % борнеол түзгөн аралашма пайда болот. (+) К,- камфора дарагына (суу буусу менен айдоо жана тазалоо), (-) К.- Сибирь ак карагайын эфир майынын, (±) К.- a- пинен синтезделет (камфен жана изоборнеол аркылуу). Нитро-целлюлозалык материалдардын пластификатор, түтүнсүз кара дарыны (жарылгыч зат) сактоодо, бромкамфораны синтездөөдө, репеллент (күбөгө жана чиркейге каршы) катары колдонулат. Тазаланган табигый К. дем алуу, кан айланууну жакшыртып, жүрөк булчуңундагы зат алмашууну күчөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]