Камчыбек Шераалы уулу

Википедия дан

Камчыбек Шераалы уулу – орус падышачылыгына элчиликке барган алгачкы өкүлдөрдүн бири. Бугу уруусунан чыккан Шераалы манаптын уулу. 1813-ж. ноябрда Жакыпбек бай менен кошо Россиянын Сибирь аймагын башкаруучу Г. И. Глазенапка жазылган катты жеткирүү үчүн А. Л. Бубновго кошулуп, Ысыккөлдөн аттанышкан. 1814-ж. 5-январда алар Семейге жетишкен. Бирок каражаттын жоктугунан улам, Глазенап элчилерди Санкт-Петербургга жиберүүдөн баш тарткан. Камчыбек Шераалы уулу кызыл тасмага тагылуучу алтын медаль менен сыйланган. 1815-ж. жайында элчилер кайра элине кайтышкан. 1855-ж. 17-январда бугу уруусунун Россиянын букаралыгына өтүү жөнүндөгү катын орус падышалыгына Камчыбек Шераалы уулу жеткирип барган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9