Канадзава

Википедия дан
Канадзава.

КанадзаваЯпониядагы шаар. Хонсю аралынын батышында жайгашкан. Исикава префектурасынын административдик борбору. Калкы 457,4 миң (2008). Темир жол станциясы. Деңиз порту (Кореянын Пусан порту менен үзгүлтүксүз байланышып турат). Маэда сепили (16-кылым), Нагамати самурайлар кварталы, гейшалар үйү (Эдо мезгили), буддисттердин жана синтоисттердин храмдары сакталган. Машина куруу, текстиль, полигр., тамакаш өнөр-жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол менен сайма саюу, сусаль алтынынан буюм жасоо), фарфор-фаянс (жогорку сапаттагы «Кутании») жа лак буюмдар («Вадзима») өндүрүшү өнүккөн. Университеттер, технол. институт, коллеж, дизайн мектеби, музейлер (анын ичинде мемориалдык), жазуучулар Идзуми Кёка жана Муро Сайсэйдин үй-музейлери бар. Жыл сайын ар кандай фестивалдар өткөрүлүп турат. Канадзавадан түштүк-чыгышта Юваку ысык булагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]