Канализация

Википедия дан

Канализация – ыпылас (заң-заара аралашкан) сууларды чогултуп, аны тазалоочу жайларга берүүчү инженердик курулмалардын, жабдуулардын жана санитардык иш-чаралардын комплекси; иштелип чыккан жана булганган катуу же суюк калдыктарды жана жаан сууларын чогултуп, калк жашаган пункттардан жана өнөр-жай ишканаларынан сыртка агызып чыгаруучу жер астындагы суу жүрүүчү түтүктөр системасы канализация тармагы деп аталат. Жер асты менен кир сууну алып чыгып, кайра иштетүүдө же атайын казылган көлмөлөргө куюуда санитардык талап сакталышы керек. Шаарларда курулат жана шаар чарбасындагы негизги элемент болуп эсептелет. Канализациянын элементтери – санитардык приборлор, агызуучу түтүктөр. Максатына жана жайгашышына жараша негизги 2 түргө бөлүнөт: ички канализация – имараттын жана өнөр-жай ишканаларынын булганч жана жаан-чачын сууларын сырткы канализация түйүндөрүнө жеткирет; сырткы канализация – агым чогулмаларын кайра иштетүүчү жайга же көлмөгө жеткирет; суу агызуучу түтүктөр, насос станциясы жана тазалоочу курулмалардан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]