Кандын анализи

Википедия дан

Кандын анализи түркүн максаттарда колдонулуучу медициналык тесттердин эӊ таанымал түрү болуп эсептелет.

Мисалы, кандын анализин төмөнкү учурларда колдонууга болот:

- ден соолуктун жалпы абалын баалоо үчүн;

- организмдеги инфекцияны таап чыгуу үчүн;

- боор жана бөйрөк сыяктуу белгилүү бир органдардын функционалдык ишин аныктоо үчүн;

- белгилүү бир генетикалык ооруларды изилдөө (скрининг) үчүн.

Кандын анализине даярдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандын анализин уюштурган медициналык кызматкер аны аткаруу тартиби тууралуу кабарландырат: сиз тест тапшырар алдында аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир конкреттүү көрсөтмөлөр бардыгы тууралуу.

Кандын анализинин түрүнө жараша сизден суроолору ыктымал:

- 12 саатка чейин тамактануудан кармануу (ачкачылык) жана суусундук ичпөө. Сиз белгиленген кандын анализин тапшыруу алдында тамактансаӊыз жана суусундук ичсеӊиз болорун тактаңыз.

- Белгилүү бир дарыларды кабыл алууну токтотуу. Кандын анализин тапшыруу алдында белгилүү бир дары-дармектерди кабыл алууга каршы көрсөтмөлөр барбы?

Сизге эскертилген көрсөтмөлөрдү аткаруу маанилүү, анткени бул тесттин жыйынтыктарына аны коё туруу же кайра дайындоо керектигине таасирин тийгизиши ыктымал.

Кандын анализи кандай болот[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандын анализи адатта колдогу кан тамырларынан кан алууну билдирет.

Кан үлгүсүн алуу үчүн пайдаланылуучу жер – бул көк кан тамырлар салыштырмалуу үстү жактан орун алган чыканактын же билектин ички бөлүгү.

Балдардан кандын үлгүсүн көп учурда алакандын сырт жагынан алышат. Алардын терисине кан алар алдында атайын спрей чачып же бетмай сүйкөө менен оорутуу сезимдерин жоготууга болот.

Эреже катары, чыканактан өйдөрөөк жерге боо таӊылат. Кол кысылганда, кандын айлануусу убактылуу солгундап, көк кан тамыр көөп чыгат да, кан алууну оӊой болот.

Кан алар алдында врач же медсестра теринин тийиштүү жерин антисептик же салфетка менен тазалайт.

Көк кан тамырга шприцке же атайын контейнерге туташтырылган ийне сайылат. Шприц кан алуу үчүн колдонулат. Ийне сайылганда, кол бир аз чымырайт же сайгылашат, бирок оорубашы керек. Эгерде сизге ийне менен кан жакпаса, бул тууралуу кан алып жаткан адамга айтыңыз.

Кан алынгандан кийин таңгыч түтүктү алып, ийне чыгарылат. Терини пахта диски менен бир нече мүнөткө чейин басып турушат. Анча чоң эмес жараат таза турушу үчүн пластырь коюуга болот.

Анализге кан алынгандан кийин эмне болот[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тест убагында кандын аз гана бөлүгү алынат, андыктан сиз кандайдыр бир олуттуу таасирин сезбешиңиз керек.

Бирок кээ бир адамдар тесттен кийин башы айланып, өзүн алсыз сезишет. Эгерде мындай абалды мурда баштан өткөргөн болсоӊуз, бул тууралуу сизден кан алып жаткан адамга айтыӊыз. Ал өзүңүздү жайлуураак сезишиңизге жардам бериши керек.

Тесттен кийин ийне сайылган жериңиз бир аз көгөрүп калышы мүмкүн. Эт көгөрсө, ооруксунушу ыктымал, бирок адатта мунун зыяны жок жана кийинки бир нече күн аралыгында жок болуп кетет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%BB%D0%B8%D0%BD%D0%B8%D1%87%D0%B5%D1%81%D0%BA%D0%B8%D0%B9_%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%B7_%D0%BA%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B8