Кандөбө шаар чалдыбары

Википедия дан

Кандөбө шаар чалдыбары – 6–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Ысык-Көл аймагында жайгашкан. Шаар үч бөлүктөн: айланасы жал менен курчалган борбордук бөлүгү (цитадель) жана анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары, курулуш имараттары (шахристан) жайгашкан. Шахристан дубал менен курчалган. Шаар жалпысынан сыртынан кош жал менен курчалып, Тоң суусуна кошулган. Жалдардын аралыктарындагы аянттарда карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө жана шахристанда шаар башкаруучулардын, дөөлөттүү адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар жөнүндө маалыматтар орто кылымдардагы жазма булактарда кездешип, Улуу жибек жолундагы 8–12-кылымдагы Тоң шаары менен салыштырылат. Бул шаар тууралуу 19-кылымдын 70-жылында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, ошондой эле В. В. Бартольддун эмгегинде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам жана Д. Ф. Винник тарабынан изилденген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.