Канжыга
Көрүнүш
Канжыга — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш. Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)