Канкор чымындар

Википедия дан

Канкор чымындар (Hippobosci- dae) - чымындар тукуму. 150дей түрү бар.

Бардык жерде кездешет. Денеси көбүнчө сөлпүк, уз. 4-10 мм, башы тоголок. Сүт эмүүчүлөр менен куш канын сорул, кээде адамды чагат. Ургундай кой менен жылкыга мителик кылат. Малдын эти кычышат, жүнү түшөт, арыктайт, кунардуулугу төмөндөйт, күч алса жаш козулар өлүм-житимге учурашы мүмкүн.

Күрөшүү чаралары: 0,5%түү креолин, полихлоропинен эмульсиясы, 0,25% түү хлорофос эритиндиси колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.