Канкун

Википедия дан
Канкун.

КанкунМексикадагы шаар. Кинтана-Роо штатында. Юкотан жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 654,4 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Мухерес а. менен деңиз аркылуу байланышат. Мексикадагы эң ири деңиздик климаттык курорт.

Канкунга эл 16-кылымда эле отурукташа баштаган. 1970-жылдан шаар. Университеттер (технологиялык, Кариб) бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзүп, меймандарды кабыл алуу жана аларды тамак-аш менен камсыздоого тыгыз байланышта. Көптөгөн бульварлар, 140ка жакын отелдер (түрдүү класстагы), 380ге жакын ресторан, көп сандаган соода борборлору жана клубдар иштейт. Лагуна менен шуру рифтери туристтерди өтө кызыктырат. Экологиялык парктар уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]